www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкө башчысы Жапаров Путин менен ал-ахыбалды тактаган соң, отпускага аттана турган болуптур деген каңшаар тарады, өкмөт башчысы Жапаров өлкөнү башкара турган болуптур.Жапаров кайрадан ага баш ийген маалымат каражаттарын бʏт дʏʏлʏктʏрʏп Жапаров эс алууга чыгат деп жарыя кылды. Ошондуктан, «Жапаров «отпускада», Жапаров закускада»--деген кеп чыкты. Жапаров ансыз деле иштебей эле, өткөн кезин эстей баштады. Ал өкмөт башчысынын биринчи вице-премьери болуп турганда 2009-жылы Камбар-Атага Орусиядан эң керектүү тетиктерин алып келгенде «Ваше высокопревосходительсто» деп Бакиевге отчет берип жатып ыйлап жиберген.
Көп эле кишинин эсиндедир, убагында "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушуна барып андагы өкмөт башчысынын биинчи орун басары Акылбек Жапаров: «Ваше высоковеличество…» деп кимгедир кайрылып турганы. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жаткан 2014-жылы "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушунун баасы 2,9 миллиард долларга бааланган. Бул тууралу «Электр станциялары» ишканасынын перспективалуу өнүктүрүү жана капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигинин орун басары Ибрагим Алиев билдирди. Ал белгилегендей, "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу совет доорунда эле пландалып келген. «Камбар-Ата-1" ГЭСинин баасы 2014-жылы техникалык-экономикалык негиздеме даярдалып жатканда 2,9 миллиард долларды түзгөн. Анын айтымында, "Камбар-Ата-1ди" куруу Кыргызстандын эле эмес, бүтүндөй Борбор Азиянын энергетика тармагындагы бир катар көйгөйлөрдү чечет."Мисалы, азыр бизде электр энергиясын өндүрүү таңкыстыгы болуп, Борбор Азиядагы суу режимин жөнгө салууда көйгөйлөр бар. Ошол эле ГЭС суу аз болгон шартта да иштөөгө мүмкүндүк берет", - деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан" Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу маселесин иликтей баштаганын билдирген. Ал кошумчалагандай, бул долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу Евразия өнүктүрүү банкы менен биргеликте жүргүзүлөт.
Кыргызстан көз карандысыздыкты алган соң каалагандай чалчаңдады. Батыштын тилин алып ПЕСАК деген мыйзамдын негизинде Кыргызстандын өнөр жайын түгөл түгөттү. Бир гана айыл чарбасында жүргүзүлгөн реформалар элеттиктердин кандайдыр бир пайызын сактап кала алды. Ал кезде АКШ менен да, Орусия менен да мамилени түзө берсе жарашмак. Ошондуктан 2001-жылы 11-сентябрда АКШда террористтик жардыруу болгон соң, Ооганстанга каршы «Манас-Ганси» авиабазасын «Манас» аэропортуна жакын жайгаштырган. Азыр болсо ал-ахыбал башка.
Кийинчерээк орус бийлигине Бишкектеги американын «Ганси» аскер базасы жаккан эмес. Көптөр Бакиевдин бийликтен кетирилишин, анын Орусия жетекчилигине мурда берген экен деп айтылган кайсыл-бир убаданы бузуп койгонуна байланыштырышат. Акаевдин тушунда база Кыргызстанга жылына 2 млн доллар төлөчү. Бакиев бийликке келген соң, бир катар жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, америкалыктардын аренда үчүн гана, Кыргызстанга бул түзүм иштеп жатканына байланыштуу башка кошумча түшкөн кирешелерди эсепке албаганда, жылына 60 млн доллар төлөөсүнө жетишкен. Албетте, «Манас» аэропортунун аймагында АКШнын базасы, ал эми Кантта орусиялык аскердик база турганы жөнүндө суроо ар кандай өнүттө апыртылып айтылып жүрдү. Ошондуктан, Орусия жетекчилиги тараптан нааразычылыктар болуп келген: көп чоң кызматтагы адамдар ишарат кылуу аркылуу, кээде ачык эле бул америкалык базаны чыгаруу керек, анын бул жерде турушу Кыргызстандын стратегиялык кызыкчылыктарына туура келбейт деген сыяктуу сөздөрдү айтышчу. Бийлик бул темада Дмитрий Анатольевич Медведев жана Владимир Владимирович Путин менен бир нече жолу сүйлөшкөн. Акыры аягында, бул базаны чыгаруу зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алынган. Өкмөт аны чыгаруу жөнүндө токтом кабыл алган. Бирок, бийлик муну жасагандан кийин бир-эки күн өтпөй эле, Орусиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү өз аймагын АКШнын жүк ташуусу үчүн берүүгө даяр экендиктерин айтып чыгышты. Ошондо мамлекет башчысы телефондон Орусиянын президенти Дмитрий Медведевге: «Силер эмне кылып жатасынар деги? Мен базаны чыгарып асам, силер болсо транзиттик жүк ташуу үчүн өз аймагынарды берип жатасыңар» деген. Ал биздин президентке: «Жок, биз аймакты берген жокпуз, биз эл аралык терроризмге каршы күрөшүүдө колдоо көрсөтүп, аба мейкиндигин гана беребиз» деп жооп берген. Анда Бакиев: «Демек, силер Афганистандагы террористтер менен күрөшүүгө жардам берет экенсиңер, ал эми Кыргызстан буга каршы экен да?» деген. Кыргызстанга карата орусиялык өнөктөштөр ушинтип анча сылык эмес мамиле жасап коюшкан. Ошондо дагы бир суроо пайда болгон: эми бул маселени эч кимди таарынтып албас үчүн, кантип чечүү керек?
2010-жылдын апрелинде орусиялык артыкчылык берүүчү 300 млн АКШ доллар кредитинин ичинен 286 млн кредити Кыргызстанда бар болчу. Анын бир сому же бир доллары да уурдалган эмес. Анан ал акчалар каякка сиңип жок болушту? Убактылуу Өкмөт бул акчаны кантип пайдаланганы жөнүндө, банктарды кантип карактаганы жөнүндө, ишканаларды жана квартираларды кантип тартып алышканы жөнүндө жооп бериши керек. Ал эми кредит суммасына келсек, пресс-конференция учурунда КР Өнүгүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Игорь Чудинов 300 млн. АКШ доллардык өлчөмдөгү кредитти пайдалануу жөнүндө отчет берген. Анын айтканына караганда, бул акча төмөнкүдөй жол менен бөлүнгөн:
$100 млн кредит улуттук долбоор «Камбар-Ата 2»;
$17 млн Кыргызстандын коммерциялык банктарынын депозиттеринде болгон;
1.130 млрд сом дагы коммерциялык банктардын депозиттеринде болгон;
$171 млн 590 миң КР Улуттук банкынын, «Азия УниверсалБанкта» жана “КIСВ” эсебинде турган;
1 млрд 83 млн сом дагы КР Улуттук банкынын, «Азия УниверсалБанктын» эсебинде болгон.
Өнүгүү фондунун республикадан сырткары аймакта эч кандай каражаты болгон эмес. Өнүгүү Фонд еврооблигацияларга салган каражаттар фонддун эсебинде турат.
Өнүгүү Фондуна Кыргызстандын өкмөтүнүн чечими менен орусиялык 300 млн. АКШ доллары кредитинен 286,3 миллион АКШ долларын приоритеттүү республикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бөлүнүп берилген. Кредиттик макулдашуунун шарттары боюнча, калган 13,6 миллион доллар Орусиянын Внешэкономбанкында кыргыз тараптын негизги карызын жабуудагы биринчи төлөмдүн кепилдиги катары депонентке салынгандыгын, ал карызды төлөө мөөнөтүнүн башталышы 2016-жылга туш келгенин айтып коюу керек.
Бул акчалар каяктан жана эмне себептен келишкен? Камбар-Ата ГЭСине бөлүнгөн Орусиянын 2 млрд доллар кредитинин эсебинен 150 млн доллар жана Орусия тарабынан грантка 150 млн доллар келген. Калган 1 млрд 850 млн доллар берилбей калды. Электр энергиясынын мекени деп даңкталып, чет мамлекеттерге электр энергиясын сатабыз деп жулунуп турган биздин мамлекетте, электр энергиясынын жетишсиздиги даана билинди. Кыргызстандын түндүк жагы 600 мегаватт жетишпей, жалпы мамлекетибизде 1000 мегаватт дефицит болуп турат. Ошого карабай Кыргызстанга эбегейсиз муктаждыгыбызды камсыз кыла турган Камбар-Ата-2 ГЭСи саясий кызыкчылыктан улам ишке ашпай, 240 мегаватт кубаттуулуктагы Нарын ГЭСтеринин курулуштары колдон-колго өтүп, дайыны жок өчтү. Нарындын жогорку каскадында төрт ГЭСтин курулушу курула элек жатып көйгөйлүү болгон. Орусия менен келишим түзгөндө 480 миллион долларга курулат деп эсептелинип келген Нарын ГЭСтеринин курулуштарынын баасы асман, айды чапчып 727 миллион долларга жетип кеткен. Эмне биздин байманабыз ашып-ташып турабы же кыргыз элинин байлыгын туш келди чача берсе болобу? Мынча акча чачылды ал Кыргызстандын мойнуна жүктөлдү, бирок ар бир киловатт электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн биз 2 миң 500 доллар сарптамакпыз, ошону менен тим калбай бул электр энергиянын өздүк наркы да кымбат болмок. Анткени, он беш жыл боюу Орусия биздин энергияны өндүрүп кайра өзүбүбүзгө сата баштамак.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg