www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровдун орун басары Эдил Байсаловго карата коомдо көз караш өтө начар. Бир кездеги демократ чапанын жамынып, адам укугу деген Байсалов азыр диктаторлук системага ыктап, жактоочу болуп алганы тууралуу сындар арбын айтылып келет.
Тилекке каршы, өзү айткандай Эдил Байсаловдун кылы кыйшайган жок. Президенттин пресс-катчылыгынын, жактоочу адвокатынын ролун аткарып, сын-пикир айткандарды каарып, акарат келтирип, социалдык тармактарда ар ким менен кайым айтышып отурат. Ошол жоругуна өзү да курсант.
Бирок, демейде бир нерсе болсо долуланып акыл айтып, каяша сүйлөп чыкчу Байсалов, эмнегедир Текебаевге окшоп "Кадыржан Батыровго Байсалов менен Текебаев диппаспорт берген деген маселе боюнча Акматбек Келдибеков кечирим сурап сотто күбө катары айткандарын жокко чыгарбаса, сотто көрүшөбүз", - деп күпүлдөп чыккан жок.
Демек, мандем бар. Болбосо, төө кушчасынан башын кумга тыкпайт эле. Эчак, долуланып жалаяктай пост жазып, кокуйлап жаткан болмок. Тилин тишине басып, өлүмүш позицияны карманып, билмексен болуп үн катпай калганына караганда, этеги жаман жерден айрылганы ырас окшойт.
Булак: NazarNews.kg