www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Данияр Үсөнов Убактылуу Өкмөттүн аксымдыгы менен чет мамлекетте өз оокатын кылууда, ал эми Таласка барып тепсендиден аман-эсен чыккан Жапаров өкмөттү жетектеп жүрөт. Даниил Урицкий деген бизнесмен бар, ал Урмат Урицкий кыргызча айтканда Урмат Үсөнов «Монгол Груп» компаниясынын негиздөөчүсүнүн атакеси. 2010-жылы премьер-министр катары электрэнергияны кымбаттатып, бийликтин качышына өбөлгө түзгөн Данияр Үсөнов 2013-жылы Малайзияда маркум болгон. Жаткан жери жайлуу болсун! Сөөгү сөпөт болгон Данияр Үсөновдун ордуна келген Даниил Урицкий 1 млрд.$.инвестиция салып "Беларусская национальная биотехнологическая корпорация " деген компанияны курган. Ушул жакка барып  Белорус президенти Лукашенко Даниил Урицкийди «Даниил» дебей «Данияр» деп атады. Таң калычтуу Данияр 2013-жылы аркы дүйнөгө узабады беле?

Даниил Урицкий эң алдыңкы технологиялар менен гибрид урук, көчөт, өсүмдүк дарыларын жана башка бизге эң керектүү көп нерсе өндүргөн чоң корпорация куруптур, аянты жүздөгөн гектар. Белоруссия боюнча эң кирешелүү ишкана деп табылып Лукашенко өзү эң сыйлуу орденин берди, биздин «Манас» ордениндей, эми айткылачы кимге пайда, кимге зыян болду натыйжада. Данияр Үсөнов бизнесте жүрүп эле байыган неме болчу, биздин өлкөдө 100 млн$ жылына пайда берген, заманбап ишкана барбы, жок? Лукашенко өзү ,, Корпорация будущего,, - деп атады бул проектти.

2010-жылы ушуну Нарынга куруу планы иштелип чыккан экен, бир жылдык таза пайдасы 350 млн.доллар, экспортунун көлөмү 650-700 млн. Ошол кездеги Даниил Урицкийдин биринчи орун басары Акылбек Жапаров Минкабдын төрагасы болгон. Таң калычтуу кимдир бирөө чет мамлекетте жүрөт, кимдир бирөөгө жарык шоола тийген.

  Кыргыз тарыхында өкмөт башчылыкты өңгөлөрдөн өзгөчө жетектеген бир инсан бар. Ал Апас Жумагулов. Жараткан Жумагуловдун маңдайына эки ирет өкмөт башчылыкты жазган экен, экинчисинде дээрлик 5 жылга жакын премьер-министр катары эгемен өлкөбүздүн тарыхындагы эң узак башбакан болуп иштегенин тарыхтан кабары жок кийинки муундар анчейин жакшы биле беришпейт.

Апас Жумагуловго жардамчы болуп, анын арты менен бир катар «креслолорду жыртып отуруп», бир кездеги шефи сыяктуу өкмөт башчылыкты аркалап, бул орундан кыргызга кетпес кегиндей иш жасап, акыры өлкөдөн куулуп кеткен Данияр Үсөновдун да карьерасы алгач жардамчылыктан башталган. Анын Апас аксакалдын жардамчысы болуп, көп убакта жандоочусу болгонуна атасынын таасири болгону бизге маалым. Тагыраагы, Данияр Үсөновдун атасы менен Апас Жумагулов жакын достордон экендиги, экөөнүн ынактыгы аяш уулунун карьерасынын жол ачылышына алып келген.

Эгерде Апас Жумагулов кыраакы болгонунда өз жардамчысынын «жуликтигин» убагында байкап, жанына жакын жуутпай койгондо кыргызга кылган жакшылыгы болот беле? Өзү өстүргөн кадр ага сыймык алып келбей, кыргыз элинин башына чычып алып баса бергенине аксакалдын азыр деле ичи ачышса керек.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости