www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иван Крылов деген классик тамсилчи болгон. «Мося» деген кандеги пилге үрүп жатат, пил аны тоготуп койгон жок. Жеңиш Токторбаев деген бар көрүнгөнгө эле ажылдап үрө берген, бирок учурунда үрбөйт. Окуя болгондон кийин, бул ошол окуяга аралашат да, беш-алты күндөн кийин кой десе болбой үрө баштайт. Демек, аны «суфлерлору» куйругун бурап, үрсөң «жакшы тамак» ичесиң деп кызытып турат.
Кыргызстанда түштүк-түндүк картасы ачылган Исхак Раззаковдон бери, эл мыйзамда жок эрежелерге баш ийген. Түштүктүн кулуну Исхак Раззаковдон кийин аркалык Турдакун Усубалиев, түштүктүн кулуну Апсамат Масалиевден кийин аркалык Аскар Акаев, түштүктүн кулуну Курманбек Бакиевден кийин аркалык Алмаз Атамбаев, түштүктүн кулуну Сооронбай Жээнбековдон кийин аркалык Садыр Жапаров. 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан соң Өмүрбек Бабанов деген аркалык жылдыз мен президент болом деп жулунуп чыгып, бирок ошол эле жылы 9 октябрында анын өңгөчүн үзө коюшкан. Ошол бойдон жөтөлгөнгө да жарабай убагын күтүп жашынып турат. Ачыгын айтыш керек «жазылбаган эреже» боюнча эмки кезек Түштүктө, маанилүү даяр жигиттер бар, бирок санабай койо туралы жамандыгы тийип калбасын.
Атамбаев президенттик бийликти «кашага» айлантып жиберген. Балким ар нерсени келжиреп айта берер, ал эми бийликти бери жактагы «шопурлары» «өздөрүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип» атышкан. Ал президенттикке өзүнүн ордуна кимди койорду издеп башы маң эле. Анткени экинчи «срокко» президенттикке койсо, өтпөй калмак. Ошол үчүн салмагын сактап калыш үчүн Түштүк тараптан кадр дайындаш керек эле. Болбосо Түштүктүн жигиттери талап кеткени араң турган.
Ушундай мезгилде премьер-министр болуп турган Сооронбай Жээнбековго кол сунуу керек эле. Атамбаев ошол мезгилде арак ичпей жакшылап ойлонуп көрсө президенттин деңгээлин «англия королевасынын» деңгээлине түшүрүп, болгон бийликти премьер-министрге берип, экөөнү ары калчап, бери калчап «мыйзамсыз супер президент» болуп башкара бербейби? Ушул ой менен Сооронбай Жээнбековду колдоого алат бирок аны колдоп деле жарыткан жок. Шайлоо өнөктүгүнүн башына жеген жагынан эң мыкты Фарид Ниязовду коюп, башынан эле тоскоолдуктарды баштайт.
Түштүктүн жигиттери мындай шансты бекер кетирбөөгө аракет кылат. Бабановду колдоп анын премьер-министри болгусу келген Бакыт Төрөбаевден башка түштүктүн мыкты жигиттери: Раим Матраимов, Ахматбек Келдибеков, Камчы Ташиевдер Жээнбековду колдоп чыгышат. Шайлоого аз калганда Атамбаев кыздар машинага орун талаша кетсе, Раим Матраимовду жок кылгысы келет. Ал премьер-министр болгон Сапар Исаков аркылуу аны кызматынан четтетип «жайлоолорду» көздөй сүрүп салган. Кийин Сооронбай Жээнбеков президент болгон соң Раим Матраимов күчтүү «овация» менен кайтып келген.
Биздин дөөрүгөн депутатыбыз Жеңиш Токторбаев ушуну чала-була угуп алып, буга чейинки президенттердин жасаган иштери тууралуу айтып өттү да бир жумадан кийин акылына келе турган Токторбаев бул арада Раим Матраимов Кыргызстанды башкарган деген өңүттө билдирүү жасап кетти. Демек анын оюу боюнча бир гана киши башкарып келатыптыр. Атамбаев «кашага» айланткан президенттик орунга ал киши барган эмес да. Балким эми ал жерге барса Кыргызстанды оңдоп кетер, ал президент болуп калса Жеңиш Токторбаев ошол эле жерде бийликтин жугундусун жалап жүрөт да.
«Пилге үргөн кандек» тууралуу айтып кеттик. Сооронбай Жээнбеков бийлик үчүн талпынып талашкан жок. Эгер мансапты кетирбейм деп турса канча кан төгүүлөр болуп кетмек. Буга Жеңиш Токторбаевдин башы жетмек беле? Анын оюу ар кимдин тукуруусу менен экс-президент Сооронбай Жээнбековду компромат жыйнап, айрым артыкчылыктарынан ажыратуу. Мындай демилгени депутат Жеңиш Токторбаев көтөрүп, «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга алып келген.
Токторбаев мыйзам долбоору бюджеттик каражаттарды рационалдуу колдонууга багытталарын белгилеген. Документке ылайык, экс-президенттерди төмөндөгүдөй артыкчылыктардан ажыратуу сунушталууда:
Жаңы президент ишке киришкенден кийин бир айдын ичинде мамлекеттик резиденцияны пайдаланууну токтотуу;
Мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдалануу укугунан ажыратуу;
Өмүр бою мамлекеттик кайтарууда болуусунан ажыратып, жан сакчыларды өз эсебинен каржылоо;
Экс-президентти, жубайын жана жашы жете элек балдарын акысыз медициналык тейлөөнү алып салуу;
Мамлекетке караштуу телефон, интернетти акысыз колдонуу, почта жана телеграф жөнөтүүлөрдү өкмөттүк разрядда тейлөө беренесин жокко чыгаруу.
Азыркы мыйзам боюнча экс-президент макамына ээ болгондор жогорудагылардын барын пайдаланууга укуктуу. Ал эми депутат сунуштаган мыйзам долбоорунда бир гана пенсия жана маяна өзгөртүүсүз калган. Анын өлчөмү президенттин айлыгынын 75 пайызына барабар.
Ичи кантала болуп эзилип турган ичи тар Токторбаев эгер анын статусун алып койсо оңуп кетет беле. Жээнбековго эмне бул статусу жок деле күн көрөт, бирок жалпы эл биримдикте аны президент кылып шайлабады беле?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg