www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ:  “Жел басаар” дарысынын сыры

47

- Жел басаар кандай жасалат, муну да өзүңүз айта кетиңиз? –дешет Бейшенбектин бабасы Дыйкан болуш менен чогуу бараткандар.

-“Жел басаар” мындай жасалат, кой –эчкинин жумурун таза артып, анын эки башын таза бууп, аны кырк чыны сууга кайнатса, бууланып отуруп, бир -эки чыны суусу калат. Жумуру өзү эзилип бышат. Мына ушуну “жел басаар” дешет, аны Алмаз менен Кеперестен соң жеп –ичиш керек.

-Андан башка да “жел басар” үкүнүн эти болот. Чоң үкүнүн эти котон жарага да жарайт. Себеп дегенде мурункулардын айтымында шайтанды да, албарстыны да түн ката жортуулдап жүрүп, үкү көрөт. Аларга өч келип жеп таштайт имиш. Ошондуктан “дарычылыгы бар” деген накыл калган. Кулгуна үчүн үкүнүн эти да, өтү да дары. Дагы жел басаар бар. Ал кармүштөк же кичинекей кирпичечен деген жаныбар. Түнкүсүн жатпай жойлоп, жылан кармап жейт. Анын өнөрү жаткан уйду, койду, эчкини ээмп алат. Чыгдандан сүттү уурдап ичет. Чоңдугу муштумдай, шамдагай жүрөт. Чака, көнөккө салып койсоң ыргып түшөт. Мына ушунун этинин дарычылыгы бар.

- Дарылардын жел басарына чоң кирпи да кирет. Анын чоңдугу кашкулактай келет. Кашкулак да желет. Анткени, алар да жылан жейт. Буларга уулуу жаныбар тоют. Чөптөн даярдалуучу жел басаарларга  дары –шыраалжын. Мунун тамырын казып, жумурга салып кайнатат. Барпы – “ак кодол” дейт айрым аймактарда, аны да туюктап кайнатып алса болот.

-Дагы айтып отурсаңыз дешет? - Дыйкан болуш менен жол жүрүп келаткандар.

- Чыгаан дарылардын бири көкташ болуп саналат. Оорулуунун ага чыдашы кыйын го. Абалы ошол тунук көк болгон көкташтын тазасын таап алып, ундай талкалап, таза калайга бышырыш керек. Күйгөн көмүрдү алып, аны да майдалап, дааналап бышырыш керек. Буга ундай талкалап , уу коргошундун үчтөн бирин кошуш зарыл. Кара куртту кургатып, муну да майдалап кошуп, казандын көөсүн, мылтыктын кара дарысын кошуш керек. Эчкинин майына  аралаштырып, үч күндөй ийлесе, ошондон кычыткы дары чыгат. Муну менен темир өткү, чакалай, тери учугу, сөөл сыяктууларды эмдейт.

- Күкүрт да күчтүү дарылардын катарына кошулат. Ичтен куртту кетирет. Бузулган малды оңдойт. Канды тазалайт. Бул өзү эле жасалуу, даяр дары. Муну майдалап, сүткө кошуп ичүү зарыл. Ашказанды да оңдойт,ага чай кашыктын үчтөн бир бөлүгүн салыш керек.

-Чөп дарыларынын эң күчтүүсү Күчала. Ага уу коргошун аралашат. Күчала тууралуу айтсак мындай: адам баласынын чучук майы түгөнөт. Сөөк жукарат, картаят, ошондо күчала ичилет. Ич оору үчүн Көк можу деген чөп бар. Топчу сыяктуу бул өсүмдүк биздин жергеде кайрак жерде чанда жолугат. Казы майга бир күчаланын теңин сал, үчтөн бири жаңгактын даны кошулуп, жай айларында, чөп бышкан маалда аралаштырып, жарым айча ачуу тийген күнгө кактай илип койот. Муну бир чай кашыктан эрте –кеч тамак алдында ичирет. Муздак берүүгө болбойт. Артынан муздак суу гана уурташ керек. Ансыз күчтүү дары муунду тырыштырып коюшу ыктымаал. Адатта, ысык чай ичип туруш зарыл.”Күчала ичкендей кутуруп” деген макал бар, бул кунан койдун этине барабар келет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости