www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШда президенттер да өзүн коопсуз сезе алышпайт. Бул тууралуу 31-мартта Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
Ал Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирбинин америкалык журналисттер Орусияда коопсуз эмес, анткени алар камакка алынышы мүмкүн деген билдирүүсүнө комментарий берди.
"Джон, Американын президенттери да АКШда өздөрүн коопсуз сезишпейт, анткени алар түрмөгө кесилиши мүмкүн", - деп жазды Захарова Telegram каналында.
Белгилей кетсек, The Wall Street Journal гезитинин журналисти Эван Гершкович Екатеринбургда 30-мартта Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексинин ишканаларынын бири тууралуу мамлекеттик сырды түзгөн жашыруун маалыматты алууга аракет кылып жаткан жеринен кармалганын тергөөчүлөр билдирген
Журналистке Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 276-беренеси («тыңчылык») менен кылмыш иши козголду. Москванын Лефортово соту Гершковичти эки айга камакка алды.
Ошол эле күнү Нью-Йорктун Манхэттен соту АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты айыптоо үчүн добуш бергени кабарланган. Эгер андай боло турган болсо, Трамп сот жообуна тартылган биринчи АКШ президенти болуп калат.
Булак: NazarNews.kg