www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ленин шайлоо округунда кайрадан шайлоо. «Жыгылган күрөшкө тойбойт» дегендей кечээки эле шайлоодо «жыгылгандар» кайрадан өз талапкерлигин койо баштады. Бир гана азырынча Катани жетишпейт. 800 добуш алган Катани деле кайра койор. Чоң муштум зөөкүрлүгүнүн айынан мандатынан ажыраган Жаныбек Абиров кайрадан депутат болгусу келип, элдин баш терисин байкоо максатында өзүн тымызын пиарлата баштады. 

Өкүнүчтүүсү, дал ушул чоң муштум Абировдун айынан кайра-кайра шайлоо өтүп, мамлекет ири чыгымга учурап жатат. Анан жосунсуз жүрүм-турумунан мандатынан ажырап өлкөнү чыгым кылып коюп, анан эч нерсе болбогондой депутат болот элем деп, акчага жалданган бир ууч топко өзүн пиарлатып жаткан Абировдо чындап эле абийир жок экен. 

Мамлекет кетирген чыгымды Абировдон төлөтүп алса адилеттик болмок. Ошондо башкаларга дагы сабак болот эле. Болбосо, мансап үчүн Абировго окшогондор абийирди жыйыштырып коюп эле жутуна беришет.

 10-сентябрда ѳтѳ турган Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү ниети жѳнүндѳ талапкер Мамаев Сулайман Шамшиевичтен арыз түшкѳн.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2023-жылдын 10-августунда аяктайт.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү жѳнүндѳ ниетин билдирген талапкерлердин тизмеси

Талапкердин ФАА

Туулган датасы

Ишинин түрү

Көрсөтүү тиби

Арыз тапшыруу датасы

1

Искаков Эртай Дуйшобекович

22.02.1990

«За Япошки» КБ төрагасы

Өзүн-өзү көрсөтүү

13.07.2023 14:00

2

Алмаз уулу Аскар

07.11.1993

«Эл Умуту» СП төрагасы

Өзүн-өзү көрсөтүү

13.07.2023 15:53

3

Булекбаев Эркин Касымович

13.03.1961

«Партия Зеленых Кыргызстана» СП төрагасы

Өзүн-өзү көрсөтүү

14.07.2023

4

Ремнев Роман Павлович

04.05.1983

Коомдук жана саясий ишмер

Өзүн-өзү көрсөтүү

14.07.2023 11:42

5

Бакир уулу Турсунбай

17.03.1958

И.Арабаев а. КМУ

Өзүн-өзү көрсөтүү

14.07.2023 17:45

6

Асылбеков Куттубек Бообекович

02.02.1957

Пенсионер

Өзүн-өзү көрсөтүү

18.07.2023 11:21

7

Нышанов Назарбек  Айтбекович

20.03.1961

Врач, хирург-онколог

Өзүн-өзү көрсөтүү

18.07.2023 16:20

8

Мамаев Сулайман Шамшиевич

16.05.1954

КР АЧМ караштуу М жана ЖИИИ жетекчи илимий кызматкер

 

 

Өзүн-өзү көрсөтүү

20.07.2023

 

14:00

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости