www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (мындан ары – Министрлик) тарабынан 2026-жылдын 18-мартына карата Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө (Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы) азык-түлүк продуктуларына (нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы ж.б.) болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жыйынтыгында төмөнкүдөй жыйынтыктар аныкталды:
Кыргыз Республикасында баалар төмөнкүдөй: жумуртка – 1,1 %, пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт – 0,7 %, уй эти (сулп этинен башкасы) – 0,2 %, 1-сорттогу буудай уну (импорттолгон) – 0,1 %, 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө)– 0,1%га жогоруласа, ал эми сабиз – 1 %, картошка – 0,8 %, баш пияз – 0,6 %, тазаланган өсүмдүк күн карама майы – 0,6 %, кум-шекер – 0,3 %, кой эти (сулп этинен башкасы) – 0,2 %, 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) – 0,2%га төмөндөгөнү байкалды.
Казакстан Республикасында баалар төмөнкүдөй: каймак май (туздалбаган, 72 % аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) – 33,8%, картошка – 13,1%, 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) – 0,7 %, кой эти (сулп этинен башкасы) – 2,9 %, тазаланган өсүмдүк күн карама
майы – 2,7 %, пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт – 2,2 %, макарон азыктары (спагетти) – 0,3%га жогоруласа, ал эми күрүч – 14,3 %, 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө) – 13,5 %, сабиз – 9,6 %, уй эти (сулп этинен башкасы) – 4,7 %, макарон азыктары (вермишель) – 1,5 %, макарон азыктары (рожки) – 1,4 %, картошка – 1,3 %, баш пияз – 0,5%га төмөндөгөнү байкалды.
Россия Федерациясында баалар төмөнкүдөй: 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) – 4,7 %, жумуртка – 2,7 %, сабиз – 2 %, картошка – 0,2%га жогоруласа, ал эми каймак май (туздалбаган, 72 % аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) – 4,4 %, тазаланган өсүмдүк күн карама майы – 3,7 %, пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт – 3,6 %, кой эти (сулп этинен башкасы) – 3%, уй эти (сулп этинен башкасы) – 2,1 %, күрүч – 2 %, макарон азыктары – 2 %, кум-шекер – 1 %, баш пияз – 1%га төмөндөгөнү байкалды.