www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөдөгү сейрек кездешүүчү жана баалуу өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүнө киргизилген мораторий күчүндө экенин дагы бир жолу эскертти.

Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы «Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомуна ылайык, аталган өсүмдүктөрдү жыйноого, даярдоого, пайдаланууга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, экспорттоого, ошондой эле жапайы өскөн дары-дармектик, техникалык жана тамак-аш өсүмдүк сырьёсун даярдоого тыюу салынат.

Тыюу салынган өсүмдүктөрдүн катарына макротомия, арнебия, ясенец, аконит, афлатун пиязы, родиола, самарканд өлбөс гүлү, ошондой эле Ольга жөө желими, узун мамычалуу жөө желим, мамычалуу жөө желим жана Чимган жөө желими кирет.

Министрлик жарандарды жаратылыш байлыктарын сактоого жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырып, мораторийдин талаптарын так сактоо зарылдыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, аталган мораторий 2027-жылдын 1-январына чейин күчүндө болот.

Последние новости