www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөттүн буга чейин кеминде 4-5 ирет тендер өткөрүлүп, бирок аягына чыкпай келген “Коопсуз шаар” долбоору акыры ишке ашат окшойт. Анткени ушул дүйшөмбү күнү орусиялык “Вега” радиоуктуруу концерни” компаниясынын жетекчисинин орун басары Сергей Калмыков менен КР Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабын ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшту.
Макулдашууларга ылайык, компания алгачкы программалык-жабдуу комплекстерин 90 календардык күндүн ичинде коюп бүтүшү керек. Ушул жылдын 4-сентябрында “Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөн бешинчи тендерде орусиялык “Вега” радиокуруу концерни» утуп чыккан болчу. Анда компания долбоорду 1 млрд. 195 млн. сомго ишке ашырууга макул болгон.
Эгер дагы бир балакет эле болуп кетпесе, жаңы жылдын алгачкы айларында алгач Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн кесилишине видеобайкоо аппараттары орнотулуп, жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочулар айыпты азыркыдай ала таягын сороңдотуп көрүнгөн бактын астына жашынып тура калган инспекторлорго эмес, мамлекеттин казынасына төлөп калышмакчы.
Андан соң Бишкек-Ош, Бишкек-Каракол сыяктуу ири трассалардагы жол кыймылын да камералар көзөмөлдөп калары айтылууда.
Ошол эле учурда өз чөнтөгүнө иштеген формачан “шабашниктер” турбай калат. Бул долбоорго өтө көп суммадагы каражат жумшаган компания кетирген акчасын дал ушул айыппулдан өндүрүп, Кыргызстандын бюджетине да аз эмес акча түшмөкчү.
Себеби бизде “Кудай жалгап” жол эрежесин бузган айдоочулар көп. Ошентип, канчадан бери курулай сөз болуп, ишке ашпай келаткан “Коопсуз шаарды” ызы-чуусу жок эле Бакыт Шаршембиев ишке ашыра баштады. Баракелде!
Булак: "Майдан"