www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элибиз өтө кызыл бат оңот дешкен. Акыркы учурларда Өзбекстансыз эч бир долбоорду өз алдыбызча жүргүзө алба тургандай коңшуларга жармашып алдык. Албетте, ынтымак керек. Бирок, келечек маселесинде, стратегиялык жагдайларда бир аз этегибизди жыйып иш кылышыбыз керек го. 

Биргелешип деген чапанга жамынып, стратегиялык маанилүү суу, газ, электр энергиясына байланышкан жерлерибиздин баарын Өзбекстанга байлап бере берген жакшы эмес. 

Мына учурунда Өзбекстандын айдоо жерлери үчүн, ошолордун кызыкчылыгы үчүн Кемпир-Абад жерин бердик эле, бүгүн андан кол жуудук. Керкидан суу сактагычы кетти. Орто-Токой суу сактагычын дагы ошолор пайдаланып жатышат. Дагы келечекте эмнебизден карматып жиберебиз? 

Дегенибиз, Камбар-Ата-1ди биргелешип куруп сууга, электр энергиясына ортоктош кылып жатабыз. Чаткалга дагы ГЭС курууга Өзбекстан аралашып жатат. Эми болсо Кадамжайдагы газ кампасын Кыргызстан менен Өзбекстан чогуу колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. 

Тактап айтканда, Кыргызстан менен Өзбекстандын адистери Кадамжай районундагы жер астындагы газ кампасын биргелешип пайдалануу үчүн калыбына келтирүү иштерин баштаганы маалым болду. 

Февраль айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн энергетика министрлери «Түндүк Сох газ кампасын биргелешип пайдалануу үчүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жөнүндө» келишимине кол коюшкан.

«Өзбек тараптан Энергетика министрлигинин жумушчу тобу түзүлүп, алар 10-апрелде Кыргызстандын Кадамжай районуна барып, долбоордун алкагындагы изилдөө иштери менен таанышты», — деп айтылат «Узтрансгаздын» билдирүүсүндө.

Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов жер астындагы кампада 2,5-3 млрд куб метр газ бар экенин маалымдап, «Анын ичинен 1,3 млрд куб метри колдонууга болот, калганы буфердик зонада. Бул кышкысын өрөөнгө күн сайын 13 миллион кубометр газ бере алабыз дегенди билдирет», — деген.

Айтор, деги келечегибизге залакасы тийбей, түбөлүгүбүз түз болсун дейли.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости