www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө ири өлчөмдөгү героинди ташуу боюнча эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, УКМКнын жана Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин ыкчам кызматкерлеринин биргелешкен этаптуу ыкчам аракеттеринин натыйжасында Кыргыз Республикасы аркылуу афган тектүү баңгизаттардын ири партияларын ташууга жана сатууга адистешкен эл аралык баңги тобунун ишине бөгөт коюу боюнча эл аралык атайын операция өткөрүлдү.

Атайын операциянын жыйынтыгында 100 кг ашык “героин” баңгизатын ташыган жана сактаган баңги каналынынын уюштуруучусу 1986-жылы туулган Тажикстан Республикасынын жараны К.О.А. Казакстан Республикасынын Алматы шаарынын аймагынан кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып жүргөн.

Баңги тобунун башка катышуучуларын аныктоого багытталган мындан аркы биргелешкен иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Маалымат катары, жогорудагы аныкталып алынган баңгизаттын болжолдуу баасы 1 миллион 190 миң АКШ долларын түзөт.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости