www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Сауд Арабияга жеке учак менен учуп кеткен. Муну Flightradar24 сервисинин маалыматтары тастыктайт.

Кечээ "Манас" эл аралык аэропортунан Сауд Арабиянын борбору Жидда шаарына бир гана Embraer Lineage 1000 учагы учуп кеткен. Бул Air X Chapter бизнес-учагы. Буга чейин Садыр Жапаров дал ушул компаниянын кызматынан бир нече жолу пайдаланып келген. Мисалы, ал менен Түркияга жана Глазгого учкан.

Мындай бортто бир саат учуунун баасы 14 миң 850 долларды түзөт. Бул маалыматты Factcheck.kgнин журналисттери изилдеп чыккан.

Белгилей кетсек, президент кадимки №1 борт менен учуп барганда басма сөз кызматы анын учактан түшүп келе жаткан сүрөттөрүн жарыялайт. Ал эми, бизнес учактагы сапарлардан сүрөттөр, адатта, башка көрүнүштөн тартылат. Башкача айтканда, бизнес учактын борту кадрга түшпөйт. 

Мамлекет башчынын бул жолку сапарындагы сүрөт, видеолордо да учактын борту көрүнгөн сүрөттөр жарыяланган жок.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаров Сауд Арабияга жеке учак менен учуп кеткенин тастыктады.

«Embraer Lineage 1000ди колдонууда чыгымдар авиакеросинге гана жумшалган», - дейт Эрбол Султанбаев. Бирок ал канча экенин жана кайсы каражаттан төлөнгөнүн тактаган жок.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости