www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Мээ – акыл менен бакыттын кени. Мээ эң бир укмуштарды жаратат” (Академик Миталип Мамытов) Абай салып, акыл калчасак, “арабызда нарк-насилдүү, ак зыйнаттуу акылман аксакалдарыбыз азайып баратат...” дегендерге, сөздүн чыны, “ооба” дешке оозуң барбайт.
Бар, бирок көп эмес, ошого да шүгүр. Ошондой табиятынан орошон ойлуу, тубаса мээнеткеч инсандардын жанында жүргөндө жылдар менен жыйналган баа жеткис тажрыйба сабактарын, өрнөктүү парасатын үйрөнсөк деген суктануу сезими жаралбай койбойт.
Элибиздин улуу-кичүүсү терең кадырлаган даанышман агабыз, даңазалуу мээ дабагери, эгемендүү өлкөбүздүн баатыры, академик Миталип Мамытовдун инсандык табияты, сегизинчи он жылдыкты ашкан кездеги көптөрдү таңданткан феномени жөнүндө кеп кылганы отурабыз.
Мындан көп жылдар илгери журналисттердин бири ал тууралуу очеркинде: “Мээ поэзиясына күн сайын кездешкен бул алтын колдуу агабыздын духу жана жигер ой-сезими жаш, ошол себептен эч качан картайбайт жана чаалыкпайт” деп жазганы бар. Калетсиз сөз!
Бүгүн деле ар кандай жаштагы кесиптештери, колунан сакайган бейтаптары анын баягыдай эле жүрөк сүйгөн ишин аткарып, баягыдай эле шайдоот-сезимталдыгын сактап, дагы тагыраак айтканда, “мээ поэзиясына күн сайын кездешүү” менен дилинде кандайдыр өчпөс от көтөрүп жүргөндөй өмүрлөр амандыгына аралжы болгон ак ойлуу касиети – табигый гуманист, табигый зиректигине таңдануу менен карашат.
Чынында, жазмыш кыргызга ушундай кайталангыс инсан талантын сыйлык таризде тартуулаган экен, мунун дагы бир мисалына Миталип аканын кечээ жакында орусча жарык көргөн “Гениальность – корона мудреца, духовность безумца” деген өзгөчө китебинен жолугуп, толкундана кубанып, жогоруда айткан ойлорубуздун калетсиз экенине кайрадан ынанып отурабыз.
Чыңгыз Айтматов “Кылым карытар бир күн” романына Х кылымда жашаган грузин ойчулу Григор Нарикацинин “Бул китеп менин деним деп бил, бул сөз менин жаным деп бил” деген саптарын бекеринен эпиграф кылып албаган.
Элибиздин дагы бир сыймыктуу уулу – атактуу скульптор, Лениндик сыйлыктын лауреаты, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры Тургунбай Садыковдун баш сөзү менен коштолуп, биринен бири кызык, биринен бири ою терең 14 главадан куралган аталган китеп да жазган авторунун “дени” менен “жанындай” эле тагдыр аныктаар мааниге ээ экени анын алгачкы саптарынан көзгө түшүп, кимди болсо да башынан аягына чейин баш көтөрбөй, мындайча айтканда, бир дем менен окуга аргасыз кылат. Чынында, кызык...
Кызыктыгы ушунда: даңазалуу мээ дабагери өз жумушу – медицина менен эле чектелбей, баяндар түрмөгүн ошол медицинадан философияга, философиядан турмуш мисалдарына, андан жалпы адамзаттык көйгөйлөр менен адам жаратылышынын купуя сырларына өткөрүп, ошол аркылуу убакыт жана аралык шарттуулугуна байланбас кең чабыт менен жашообуздун узак тарыхында нечен бир акылмандарды ойго салган чоң турмуштук маселелерге өз көз карашын айтып, эркин мүнөздө токтолот.
“Ал маселелер эмне?” дегенде, биринчи кезекте он сегиз миң ааламда адамды улуу жаратылыштын эң жогорку продуктусу кылып көрсөткөн гениалдуулук, акылмандуулук, рух-ыйман жана сүйүү маселелери.
Айрыкча дүйнөгө таанымал көптөгөн атактуу инсандардын өмүрүн жакшы билип жана алардын гениалдуулук мисалдарын далил кылып келтирген автор дал ошол адамзат ой-акылын алдыга жылдырган “гениалдуулук” деген сейрек, касиет дүйнөдө теңдешсиз психологиялык феномен, жөнөкөй тил менен айтканда, адамга табият ыйгарган түркүн-түс акыл жөндөмдүүлүгүнүн “жарк” этип көрүнгөн өзгөчө фактысы экенин ар кыл өңүттөн талдоого алат.
Албетте, мындай ой чабытында биздин Миталип ака окурмандарга баягы Ысык-Көл жээгинде жүрүп “аалам алпы Шекспир менен сүйлөшкүсү” келген кыргыздын улуу Алыкул акынындай эле толкундап, жүрөктөн терең сыр айткысы келгенин көрөбүз! Эч ашыкча эмес! Аталган китеп жаралышы күтүүсүз окуя дегенге болбойт.
Ошондой болсо да дабагер мекендешибиз көптөн бери көңүлүндө жүргөн ойлорун ушундай калыпка салып, эл менен бөлүшүүгө 2020-жылы дүйнөнү каптап, анын ичинде биздин өлкөгө да канча бир бүлүк түшүргөн коронавир ус апаатынын унут улгус күндөрү кандайдыр түрткү, себеп да болгонун ачык айтат.
Чынында, ошол күндөрү баарыбыз амандык, ден соолук жөнүндө ойлонуп, адамзат ошончо замандар бою жыйнаган өнүгүү тажрыйбасы, цивилизация байлыктары заматта жок болуп кетеби деп алапай түгөткөн укмуштуу күйгүлтүккө түшпөдүк беле? Андай санаа чегүүдөн эч ким четте калган эмес. Бирок, пенде табияты ар качан жакшылыкка үмүткөр болот эмеспи, ошондо балдарыбыз да кыргыздын башынан жакшылык тилеген мүнөзүн билгизип, “Бул күндөр да өтөт-кетет, жамандын артынан жакшы келет...” деп ырдап калышкан.
Буюрса, ушул алааматтан да аман өттүк! Миталип ака дүйнө, элдер тарыхына өчпөс так түшүргөн пандемия кесепеттерине ой жүгүртүп, “коронавирус пандемиясы кризис көрүнүшү гана болбостон, ошондой эле прогресс өбөлгөсү да болуп саналат” деген бүтүм чыгарат. Кытай тилинде “кризис” деген сөз эки иероглиф менен туюндурулуп, анын биринчиси “коркунуч”, экинчиси “мүмкүнчүлүк” деген маанини билдирет экен.
Мына ошол се бептен, күтүүсүз кризиске туш к елген адамзат жашоосу аны жеңүүдө акыл-эстин болуп көрбөгөн жол издөө мүмкүнчүлүгүн ойготуп, ар качандан бир качан сак болууга, биримдиктүү жашап, антпесе, океандай зор ааламда жалпы адамдар кыпын сыяктуу эле болуп каларын эки жерде эки төрт дегендей сезүүгө чакырык да таштайт.
Ооба, муну эч убакта унутууга акыбыз жок. Бизге б елгисиз жана б елгилүү замандарда жашаган адамза т генийлери бир к елген өмүрдө өнөр-билим жана акылдан өзүнчө күн жаратып, жашоонун эң сонун үлгүсүн көрсөтүшкөн. Алардын “өмүр парадын” четинен тааныштырып жатып, автор “адам жарыкчылыкка бакыт үчүн туулган.
Талант ага Теңирден туулушу менен ыйгарылат. Ал эми акылмандуулук менен гениалдуулукту адам турмушунун кийинки жүрүшүндө өзү калыптоого тийиш. Адам бүт өмүр бою акылдуу болууга умтулушу керек, а гениалдуу болуу деген – б ул өзүн өзү өнүктүрүүнүн жеткен чокусу.
Эгер ким бирөө ошентип акылдуу болууга умт улса, ушунун өзү да акылмандуулук, аны өзүнө гениалдуулук белгилерин топтогон адам деп айтсак болот” деп жазат. Бардык мезгилдердин жана элдердин улуу математиги саналып, жогорку алгебраны негиздеп, бар болгону 20 жыл, 4 ай гана жашаса да, тарыхка ошондой жаркын из калтырган XIX кылымдагы француз окумуштуусу Эварист Галуанын өмүрүн тааныштыруу менен башталган “генийлер парады” бардыгы 93 кайталангыс инсан дүйнөсүнөн туруп, бизди алар жасаган улуу ачылыштар менен укмуштуу эрдиктер, доордон доорлорго, муундан муундарга калтырган эң керемет өнөр-талант эстеликтери аркылуу мезгилге жана географияга баш ийбес адам мүмкүнчүлүгүнүн чексиздигине суктандырып, ар башка тил, ар башка өң, ар башка курактагы түрдүү континенттердин кишилерине алда немедей боордош да, замандаш да кылат.
Ошондой генийлердин ичинде улуу манасчы Саякбай атабыз, Ала-Тоо улукманы саналган чыгаан дабагер Мирсаид Миррахимов, дагы башка мекендештерибиз...
Акылмандуулук менен бакыттын өркүндөшүнө жол ачып, мындайча айтканда, алардын кен ордосу саналган мээ түзүлүшү жана анын бүт жандүйнөнү башкарган сыйкырдуу касиетине адис катары талдоо жасаган Миталип аканын популярдуу бул иликтөөсү өз туруш-турпатында бир эле улуттук алкакта эмес, а ааламдашуу процесси кирген суудай тез жүрүп бараткан азыркы дүйнөлүк көз карашта да оригиналдуу жаралган баалуу эмгек экени талашсыз.
Окурман өзү күбө болсун, китеп бөлүмдөрүнүн аталыштарына эле көңүл буралычы: ·
“Акылмандуулук жана гениалдуулук жөнүндө таажы кийген ойлор”;
· “Акылмандуулук жана акыл-ой байлыгы Кудайдан берилгендей гениалдуу”;
· “Жандүйнө сырдуулугу”;
· “Адам жандүйнөсү деген эмне? Аны өлчөөгө же көрүүгө болобу?”;
· “Дене менен жандын биримдиги, өлүм алдындагы жандын түйшөлүүсү”;
· “Искусствону сүйүү – жандүйнөнүн акылмандыгы”;
· “Акылмандуулук жана акыл-эс байлыгы – гениалдуулук негиздери”;
· “Интиуция – чыныгы гениалдуулук негизи”;
· “Генийдин акылмандыгы жана акылсыздын шыктуулугу”; · “Түйүлдүктүн эмоциясы коомдогу рух-ыйман кризиси жөнүндө”;
· “Мээ сырлары нейрохирургдун ойлорун дүргүтөт”;
· “Мээ – акыл жана бакыттын кен ордосу”;
· “Мээ кээде нейрохирургдун көзүн да, колун да суранат”;
· “Мээ эң бир укмуштарды жаратат”.
Караңызчы, китептин жогоруда тизмектелген бөлүмдөрү эле, же болбосо акылдуулук менен бакыттын айкалышы туурасындагы Улукмандын өзүнө гана таандык изилдөө, иликтөөлөрү окуганды суктандырып, не деген таалим-таасирлерге жетелейт?!. Эмгегиңиз кут болсун, жандүнөнүн генийи Миталип ака!
Булак: Азия News гезити