www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова курч респиратордук вирустук инфекциялар көбөйгөнүнө байланыштуу №3 балдар ооруканасына барды. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, чындыгында ооруган балдардын саны көп.
"Республика боюнча кошумча жайлардын көбөйтүү боюнча буйрук чыкты. Эмдөө иштери уланууда. Дарыгерлер жетишсиз болгондуктан, баардык үй-бүлөлүк дарыгерлер ооруканаларга барып, ал жактагы дарыгерлерге жардам берип жатышат, биз дагы ординаторлорду тартып жатабыз", - деди Баатырова.
Ал белгилегендей, ооруканада балдардын ата-энелери менен сүйлөшүп, алардын 80-85%ы үй-бүлөлүк медициналык борборлорго кайрылбай, дароо эле ооруканага келишкенин айтышкан.
"Албетте, бул оорукана үчүн чоң жүк. Бирок моюнга алыш керек, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун иши аксап жатат. Биз мектептерге санитардык-эпидемиологиялык кызматкерлерди жөнөткөнбүз. Чын эле статистикада көрсөтүлгөндөй санда ооруп жатышса, анда класстарды карантинге жабуу боюнча чечим кабыл алабыз», - деди Баатырова.
Булак: NazarNews.kg