www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабанов кайсы тарапка барат?

Саясий орду салмактуу саясатчылардын бири Өмүрбек Бабанов. 2017-жыды президенттик шайлоо учурунда азыр тирешип турган эки тарапты бириктирип туруп аз жерден кан ыйлатып ийе жаздаган. Бүгүнкү күнү Өмүрбек Бабановго болгон кызыгуулар күч ала баштагандай, эмне үчүн?

1. Бир тарабы бийликте турганда Өмүрбек Бабановго өкмөт башчысын берген. Арийне, Өмүрбек Бабановдун реформаторлук иштери кызганыч сезимдерин ойготуп өкмөт башчысынан кетирген. Андан соң бийликтеги чоң мансапка жолоткон жок. Бирок Өмүрбек Бабанов парламенттик жана жергиликтүү шайлоолордо тикесинен-тике туруп өзүн көрсөтө алды. Ал кезде бийлигине таянып дайыма биринчи келе турган “абисинен” кийинки, экинчи орунду камсыз кылып жүрдү. 2017-жылы президенттик шайлоо алдында Бабановдун рейтинги көтөрүлүп кетти, экинчи ирет ичи тарыган “абиси” ага каршы чыкты. Ошонун аркасынан куугунтукталып жүрөт.

2.Экинчи тарабы  Өмүрбек Бабанов өкмөт башында турганда зор облустун жетекчиси болгон. Башкы чыр-чатак суперпрезидент болом деген кишиде болгондуктан 2017-жылы президенттик шайлоодо дебатта гана какмалашып кетпесе, көп иши болгон жок. Быйылкы жылы жазында Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келет деп катуу пиар болду. Бирок кайтып келген жок. Спикер Дастан Жумабековдун айтымында бир нече депутаттар Бабанов менен жолукканга барат экен. Парламент Атамбаевдин кол тийбестигин алган соң, шамал каякты көздөй уруп жатканын билсе болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости