www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ишенген кожом сууга акса, алды артынан тал карма” –деген кеп бар. “Ишенген” Бабанову “сууга агып” Бабановчу “Республика” партиясынын парламенттеги депутаттарын ар ким төбөгө чаап кете баштады. Мисалы,  "РАЖ" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороевке СДПК фракциясынын депутаты Самат Ибраев үстөмдүк кылганын айтса болот. Ал эми Бабанов аферист-казак олигархы Кайсар Абылкасымовдун колундагы куурчагы, клоуну гана болгон. Бабанов чоң кызматка барар менен Кайсар гана Кыргызстанды билип калган. 2017-жылы премьер Жээнбековдун экономикага терең киришкени, эл алдында өсүп бараткан кадыр-баркы Бабановду чоочутат, кыргыз жигиттеринин өсүп баратканын көрө албаган, ичинде ит уулуп жаткан, ичи таар  Бабановго президенттик жарышта атаандашы боло турган Жээнбековду тебелеп-тепсеп жок кылыш керек эле. Ошондуктан түбөлүк досу аферист Кайсарга кайрылып, анын финансылык жардамы менен Жээнбековго кара пиарын баштайт:

  1. Маалымат беттеринде Жээнбековго кара пиарын тынымсыз сүйкөй баштайт.
  2. Жасалма рейтинг жүргүзөт, уялбай өзүн 30 пайыз эл колдойт, Жээнбековду 3 пайыз гана эл колдойт деген жалган маалыматтарды таратат. Өкмөт башчысынын кайдагы бир депутаттан 27 пайыз ылдый турганы бул калп, кара пиар. Жок дегенде 2-3 пайыз ылдый кылса эл ишенмек.
  3. Жээнбеков Сооронбайга теңтушундай  “Соке” деген кличка коюп, ал иштебеген атка минерди эшикке чыгарып жиберсе, андан анекдот жасап, бир топко мазактап жүрдү.
  4. Мунун барын Жээнбеков билет. Ошондуктан, президентке талапкер болгондо, дебатта: “Эй балапан, эгер президент болуп калсам коррупцияны сенден баштайм” –деп эл алдында убада берген. Коррупция иши башталды, бирок ал кездеги депутат, азыр олигарх Бабанов даң салып, ич күптүусүн ичине катып жүрөт. Кайсар экөө 2020-жылы  парламенттик шайлоодо жеңилип калган соң,9-октябрда бийликти басып алам деп жеңилип калган соң ал оозун басып турат.

Чимкирик депутаттардын ичинен азганакай гана эр жүрөктөрү, элдин мүдөөсүн айткандары бар.  Мирлан Жээнчороев кээде Бабановдун сөзүн укпай койо турганын билинген. Шефи Өмүрбек Бабанов коркоктук кылып, конулга кирип кеткенден кийин кимдин-ким экени билинди.Мезгил баарын ордуна коëт тура. Ушул тапта Мирлан Жээнчороев өз алдынча саясатка аттанып, «коен жүрөк кожоюндун» короосунан бошонуп чыкканы, чоң саясатта таасир жаратууга белсенгени байкалууда. Бабановдун рейтинги плинтуска түшсө, бул жигиттикн жогору секирди. Айрыкча Самат Ибраев менен жекеме-жеке чыгуну каалагандан бери. Дүнүйөкорлуктун, сүткорлуктун айынан саясаттан четтеп калган Бабановдун ичи ачышып, Мирлан Жээнчороевди каржылык жактан колдоодон баш тартканы канкууланды.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости