www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-июнда Өкмөт үйүндө Бишкек шаарынын Мамэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев онлайн маалымат жыйын берди.
Анда Кундашевге "Баарына белгилүү болгондой кечээ "Кайнар" ресторанына куран окутуу уюштурулган. Куран окутууга катышкан адамдарга эмне себептен айып пул салынган жок?", - деген суроо берилди.
Ал: "Жеке адамдарга биз айып пул сала албайбыз. Эгерде бизге бул жөнүндө кабар эртерээк жеткенде акимиат жана мобилдик топко кирген укук коргоо органдарынын кызматкерлери ал жерге барышмак", - деген жообун узатып, аталган ресторанга 3 миң сом айып пул салынганын кошумчалады.
Эске салсак, кечээ, 11-июнда экс-депутат Өмүрбек Бабанов "Кайнар" ресторанына эжесине куран окуткан. Куран окутууну видеого тартмакчы болгон ЖМКнын өкүлү Марат Уралиевге кол салуу болгон.
Булак: NazarNews.kg