www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүрбек Чиркешович Түндүк –Түштүк картасын жайып алып кайрадан “Барбаросс” планын терең ойлоно баштады. «Жаңы дем» саясий блогунун «серый кардиналы», бардык кыймылды көздөйт:
Акаев Жанар - Түштүк электоратта кадыры бар. Азыркы бийликтин колун Түштүктө бырчалап бөлөт. Атамбаев бекер жеринен аны «Азаттыктан» алып, пресс-катчысы, анан депутат кылган эмес. Эгер «Жаңы дем» ЖКга келсе, коалициялык көпчүлүккө кирип, Акаевди өкмөт башчылыкка көрсөтөт. Бирок бийлик тараптын партиялары өкмөт башчысын беришпейт. Эгер «Жаңы дем» оппозиция тарапта болсо, Жоомарт Оторбаев сыяктуу вице-премьерлик туурулуу.
Момбеков Рыскелди - Түндүк электоратта кадыры бар. Жердеши Өмүрбек Бабановдун добушун Түндүктө бөлөт. Сөз сүйлөө боюнча майын чыгарат, Атамбаев демократия ушул деп түшүнуп, аны рупор кылып сүйлотүп койчу. Азыркы бийлик анын оозун скоч менен басты. Ошондуктан, жакшы сүйлөй ала турган «Жаңы демге» өттү. Эгер «Жаңы дем» саясий блогу ЖКга келсе, коалициялык көпчүлүккө кирсе да, оппозицияда болсо да маданият же социалдык өнүгүү министрлигин алат.
Сариев Темир - «Жаңы дем» саясий блогунун «кошелогуна» айланып, оппозиция болсо парламенттеги Каржы комитетин жетектейт. Кокус көпчүлүк коалицияга кирсе бараандуу комитетти мыкчыйт.
Текебаев Өмүрбек – «Жаңы дем» саясий блогунун «мээси». Саясий жактан мокоп бараткан Текебаев шайлоо алдында Түштүк тараптан добуш алыш үчүн Жанар Акаев фракция жетекчиси болот деп басым жасайт. Түндүктөн Рыскелди Момбековго жол ачат, эки эксжурналист эки тараптан качырып киришет. ЖКга келсе Акаевди өкмөткө түртүп, өзү фракцияны жетектеп калышы мүмкүн.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg