www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Марат Уралиевге кол салуу учурунда чара көрбөй, карап өтүп кеткен милиционерлерге чара көрүлөт. Бул тууралуу милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, териштирүү иши Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына тапшырылган.
«Октябрь райондук Коопсуздук кызматынын кызматкерлери журналисттин жанынан өтүп кетишкени аныкталды. Ички иштер министрлигинин тиешелүү кызматкерлери ички иликтөө жүргүзүп жатат», - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, бүгүн, 11-июнда журналистке кол салуу болуп жаткан учурда милиция кызматкерлери окуяны көрүп чара көрбөй кетип калышкан. Мындан сырткары кадрдан Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашевди да көрүүгө болот. Карашев да башын жерге салып өтүп кеткен.
Булак: NazarNews.kg