www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин убагында «унду каалагандай элеп» бардык пайданы Бабанов көргөн. Атамбаевди «аби» деп далысынан сылап коюп, шайлоо болгон сайын анын жардамы менен СДПКдан кийинки орунду ээлеш үчүн калган партияларды «сковородкага» салып кууруп жеген да «Республика» партиясы болгон. Анын мындай «ферзовый гамбиттерин» Атамбаев 2017-жылы түшүнөт. Өзүнө мураскер катары үмүт кылып жүргөн, Бабановдун тилегин таш каптырып, президенттикке талапкер катары колдобой койот. Ал кездеги президент Атамбаев колдобой койгон соң Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге чөгөлөп барып, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилени бузуп, Атамбаев менен Назарбаевдин ортосуна чок салган. Анын артында кылмыш иши козголуп, бирок Москвага кире качып кутулган. Бабановдун Кыргызстанга келиши Кой-Таш окуялары менен терең байланыштуу.

Мурунку президент Атамбаевдин Кой-Таштагы окуясы 2019-жылдагы эң орчундуу темалардын бири болгон. Экс-премьер  Өмүрбек Бабановдун айтуусунда ушул окуяларды сүрүштүргөн мамлекеттик комиссия берген отуз беттен турган жыйынтыгы менен таанышкан. Бул комиссия өз иштерин 2019-жылдын 3-сентябрында баштап, 2019-жылдын 27-ноябрында 7-8 августта болгон Кой-Таш окуяларынын жыйынтыгын Жогорку Кеңеш аркылуу эл алдына алып чыккан.

Кой-Таш окуяларынын чыгышынын субьективдүү себептери

Акыркы жылдары Борбор Азия мамлекеттеринде Өзбекстанда, Кыргызстанда жана Казакстанда президенттик алмашуулар болду. Каримовдун диктатордук режими анын көзү өткөн соң 2003-жылдан бери премьери болуп турган Шавкат Мирзиёевдин колуна өттү. 2017-жылдын күзүндө 2010-жылдагы Баш мыйзам менен президент Атамбаевдин мөөнөтү аяктап, СДПК партиясы өз курултайында көрсөткөн өкмөт башчысы Сооронбай  Жээнбеков президент болду. 2019-жылы көп жылдардан бери президент болуп келаткан карыя Нурсултан Назарбаев 66-жаштагы Касым-Жомарт Токаевге бийлигин өткөзүп берди.

Кыргыз Республикасына президент болуп, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин СДПК партиясынан көрсөткөн талапкер Сооронбай Жээнбеков президент болгон. Ошондуктан, СДПК партиясы өз катарын бузбай, Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүн, келечегин ойлонсо, жалпы мамлекет үчүн туура болмок. Жээнбеков жана Атамбаевдин ортосунда болгон мамилелер ар кандай себептер менен сууп, экөөнүн ортосундагы от жагуулардан соң, “Эки тоонун чөбүн эңсеген” жасакерлер мурунку президент менен жаңы президентти кагыштырып, натыйжада “Кой-Таш окуясы” калкып чыккан.

Бул ишти тынчтандырып, Кыргызстанды стабилдүүлүккө алып келүү үчүн орус ишкерлеринин көмөгү менен 2019-жылдын июль айынын аягында Орусиянын президенти Владимир Путин экс-президент Алмазбек Атамбаевди кабыл алган. Кыргызстанда болуп жаткан окуялардан кабарлар Кремль Атамбаевди жакшылыкка чакырган.

Кой-Таш окуяларынын чыгышынын обьективдүү себептери

Кой-Таш айылында болуп өткөн окуялардын обьективдүү себептери көп. Бул окуялар боюнча комиссия жарыялаган отуз бет мүмкүн бир жактуу болуп калар. Ооба, бийликтин алмашты. Көпчүлүк үчүн президенттерди гана алмаштырып койгондой, мурунку президент жанына тамырлап жүргөндөр кийинки президентке ооп, демократиялык эмес, өздөрүнүн терисин сактап калуу максатында парламенттик шайлоого аттанышкан.

Экономикалык жаатында өсүш болгондур, бирок ачык эл алдында сезилген эмес. Мамлекеттик бюджет тарабынан ардактуу кесиптин ээлери мугалимдердин айлык акысын көбөйтүү 2019-жылдын октябрынан башталды. Буга сүйүнүп акактап кол чапкыча, кыргыз эли таянган ундун баасы асмандап кетти. Бир-эки күн электр жарыктары өчүрүлүп, эл кайсы заманга туш болуп баратабыз деп, акыл тегереткиче кайра өз ордуна туруп, кудайга тобо электр жарыгы ошол заманда суукта өчпөй калды. Анча-мынча кеткен экономикалык аксоолор бир гана Кой-Таш окуясын баштаган Алмазбек Атамбаевге эмес, элди колдогон жана азыркы бийликти сүйбөгөндөр үчүн чок ыргытары белгилүү. Ошондуктан, бийлик да, отуз бет Кой-Таш окуясы боюнча каралоо келди деп шапкесин ыргытып жаткан Бабанов да, Атамбаевди каралоону гана эмес, элдин жашоосун бир аз илгерилетүүнү ойлонуш керек эле. Турмуш бумеранг Кой- Таш окуясынан соң камалган Атамбаевге сүйүнгөн Бабанов эле, эми Бабанов камалып жатса Атамбаев “зонада” шапкесин ыргытып жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости