www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттикке талапкер болуп катталып, андан соң мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында саясый куугунтукка алынып, теледебатта Сооронбай Жээнбеков менен айтыша коёмун деп, алды-артын карабай чет өлкөгө аттанган Өмүрбек Бабанов кайра Кыргызстанга келишин атпай журтка жар айтып, элди дүрбөлөңгө салды.
Өткөн апталарда Тиматынын кара бургери “дүңгүрөгөндөй” эле, Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келиши “индийский кинодогудай” болуп кеткени таң калычтуу.
Анчалык Бабанов акылдуу болсо, болочок планынын оор басырыктуулук менен ишке ашырып, артындагы “жарчыларын кыйкыртпай эле Кыргызстанга келе берсе болмок.
Бабановдун Кыргызстанга келиши менен эч нерсе эч убакта өзгөрбөйт, асман үзүлүп жерге түшүп, бир шыбактын башы деле кыймылдабайт.
Баса, так ушул таптарда Өмүрбек Бабановдун тарапташтарына “Республикачылар” Бабановду тосуп алыш үчүн акча таратып жатканы каңкууланууда.
Урматтуу Өмүрбек Токтогулович! Сизди акылдуу, “ары жагы ток”, “жаман менен жакшыны” түшүнгөн саясатчы деп жүрсөк, “минттим, кирдим, айттым, чыктым”, “узарттым”, “учакка билет сатып алдым” деп, улам эле социалдык тармакка пикириңизди жазып калтырганыңыз “биртике” туура эмес болуп калдыбы? Анткени эр жигит “элеңдебей” эси менен болгону жакшы эле. Бирок сизди миллиард розалар менен тосуп алсак дагы Кыргызстанда эч нерсе өзгөрбөйт. Эгерде сиз “Кыргызстандын тышкы карызын жарымын төлөймүн” деп, жар салсаңыз анда башка кеп эле...Албетте бул олуттуу ойлоно турган маселе... Эми эмнеси болсо дагы генерал-лейтенант Исмаил Исаков айткандай “жарчыларыңыз” сизди жакшы тосуп алсын...
Бирок, ачуу чындыкты айтып коюш керек Өмүрбек Бабановду алдыда жакшылык менен ийгилик күтүп турган жок.
Булак: NazarNews.kg