www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2015-жылы Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев шайлоого чогуу аттанып, шайлоо соңунан кийин Ташиевге тийешелүү мандаттар тийбей калган. Камчыбек Ташиев дагы Бабановдун уюштурган провокациясы менен тизмеден четтетилген.

Аны менен катар Ташиевдин командасындагы жетиштүү добуш алган талапкерлер дагы мандат алган эмес. Мындай жагдай эки достун мамилесин салкындатып, Ташиев бир нече жолу берген маегинде Бабановду "саткын" деп кыйыр айыптап келген. Жакындан бери экөөнүн мамилеси кайра оңолуп, Ташиев Москвага барып Бабановду Кыргызстанга келүүгө көндүрүп, "бийлик менен макулдаштым" деп айткан.

Бирок, Ташиев менен бийликтин ортосунда эч кандай сүйлөшүү болбогону белгилүү болду. Ташиевдин сөзүнө кирген Бабанов Кыргызстанга 13-апрелде келе турган болуп жатат. Ал келсе үстүнөн козголгон кылмыш иши жана кылмыш иштин жоопкерчилигинен качып келбей жүргөнү боюнча кошумча кылмыш ачылып, түз эле камакка алынат экен.

Ташиев Бабановду азгырып келип, камакка салып берүү алдында турат. Муну менен убагында алданып калгандагы өчүн алууну максат кылыптыр. Бишкекте 10 миң адам тосуп алат деген дагы болбогон кеп. Бабанов өткөн жылдары элге ишенип келип камакка алынып, өзү менен чогуу бей күнөө адамдардын убалына калган Садыр Жапаровдун катачылыгын кайталаганы турат. Эл азыр акылдуу болуп калган, Бабанов үчүн көчөгө чыгып, баш аламандык кылып, камалып кеткиси келбейт. Садыр Жапаров үчүн деп канча адам камалып кетти.

Эртең Бабанов үчүн деп күйүгүп чуркагандар дагы Жапаровчулардын кейпин кийип калышы мүмкүн. Бабанов соодагер адам, ал эч качан оппозиция боло албайт. Кызыкчылыктар дал келген жерде өнөктөшүн сатып кетет. Ташиев экөөнүн ысык махабаты, баягы Өтмөктө беттерине кар шыбашканда муздаган болчу. Кар шыбашкан эки дос, эми "красиво" арттарына суу куйганы жатышат. Бу сапар Ташиев Бабановду аңдан ары аңтара түрткөнү калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости