www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунун карамагындагы бардык район электр тармактар ишканалары жер-жерлерде күз-кыш айларына карата даярдыктарды баштады. Пландын негизиндеги утурумдук жана капиталдык оңдоп-түзөө жумуштарынан сырткары, электр мамыларды орнотуу, чубалгыларды  тартуу жумуштарын алып барышууда. Бүгүн Сузак районуна караштуу Таштак айылынын аймагында 10 кВ жогорку чыңалуудагы «Телятник» жана «Плотина» аба чубалгыларын бири бирине кошуучу шакекченин кызматын аткара турган чубалгынын тилкеси курулууда.

Аталган тилкенин узундугу 500 метрден ашат, ошондой эле 12 электр мамы орнотулат. Муну менен катар тилкенин жогорку чыңалуудагы аба чубалгысынын алдына кошумча аба чубалгы тартылат. Бул шакекчени ишке киргизилиши менен Таштак, Кызыл-Сеңир, Жашасын, Көк-Булак, Жаңы-Орток айылдарын 35/10 кВ көмөк чордондордогу оңдоолор учурунда да үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзүлөт. Ал эми кошумча тартылып жаткан 0,4 кВ чубалгысынан Таштак айылынын жаңы конуштары электр жарыгы менен камсыз болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости