www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир клеткалуу жаныбардай сыпаттамага ээ болуп калган парламенттин тарпын чыгарууга “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов киришүүгө куштар экенин билдирди. Бирок, мени көбү колдошпойт чыгар деген күмөнсүнүүсү бар экенин жашырбады. Ооба, анын сунушун жемсөөсүн гана толтурууга аракети бар депутаттар колдобой турганы белгилүү. Ал эми жөнөкөй тургундар мындай демилгеге суусап турат. Ким билет, балким анын жөндүү сунушуна мандатты эмес, элдин ар намысын, улуттук дөөлөттөрдү карманган эл өкүлдөрү макул болушаар? Эгерде эле абийири таптакыр жерге шыпырылып калган парламентти жексен кылышса 700 миллион сомду чапчыган каражат шамалга учуп кетмек эмес. Ошол көлөмдөгү акча шайлоону өткөрүүгө толук жетмек. Андан сырткары кийинки жылда сарпталчу 800 миллион сом да казынада сары майдай сакталып калмак.

Эмесе ток этер жерине өтөлү. Чынында эле шалтурук парламентти таратууга калктын басымдуу катмары шыр эле макул болмок. Ал ортодо айрым эл өкүлдөрү өздөрү да уят болгонун сезип парламентти таратуу демилгесине кайдыгер эместиги көпчүлүктүн каалоосуна дал келип турат. Насыркановичтин “насаатына” ошол эле Жанар Акаев менен Рыскелди Момбеков оң көз карашта болсо парламент оңкосунан кетээрине шек жаралбайт. Ким билет, ушундай кыймылы аркылуу Алмакең өзүнүн камактагы лидери Өмүрбек Текебаевге жол ачып жатканы байкалбайбы? Саясат дегендин кыры, сыры көп эмеспи? Ар кандай божомолдорду токуй берүүгө неге болбосун?

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости