www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Араб Эмираттардын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, никеге турбаган түгөйлөр чогуу жашай алышат. Бул тууралуу өлкөнүн расмий басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, спирт ичимдиктерине тыюу салган мыйзам бир аз жумшартылды. Мындан ары жашы 21ден өткөндөргө алкоголдук ичимдиктерди колдонууга, сактоого жана сатууга уруксат берилет.

“Реформалар өлкөнүн экономикалык жана социалдык абалын жакшыртууга жана “Бириккен Араб Эмираттарындагы сабырдуулук принциптерин” бекемдөөгө багытталган”, - деп билдирди WAM мамлекеттик агенттиги.

Ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарынын башчысы Халифа ибн Заид Ал-Нахайян мыйзамдагы жаңы өзгөртүүлөргө кол койгону кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости