www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК Ысык-Көл облустук ИИБ менен биргеликте региондун аймагында баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам иш-чаралардын натыйжасында тыюу салынган заттардын туруктуу бөлүштүрүү каналы жабылып, мыйзамсыз иш-аракеттерди координациялоочу ролду ойногон кылмыштуу схеманын уюштуруучулары А.С.К. жана К.Т.Н. кармалды.
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө кол менен (кустардык ыкмада) баңги каражаттарын системалуу түрдө даярдоого арналган нарколаборатория аныкталды. Ошондой эле психотроптук заттарды даярдоо жана аларды республика аймагында сатуу үчүн колдонулуучу 10 килограммдан ашык аралашма заттар жана химиялык компоненттер алынды.
Учурда кылмыштуу ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.