www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын ФСБсынын башчысы Александр Бортников КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жыйынында Азия аймагында баңгизат өндүрүшү жана жайылуусу өсүп жатканын билдирди.
Анын айтымында, өзгөчө Түштүк-Чыгыш Азия–Афганстан–Иран багытында синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү күчөп, жаңы лабораториялар пайда болууда. Бул процесс менен кошо трансулуттук кылмыштуу топтор Борбор Азияга таасирин кеңейтип, баңгизатты Россияга жана Батыш өлкөлөрүнө өткөрүү каналдарын түзүп жатканы айтылды.
Бортников ошондой эле КМШ аймагында коопсуздук кырдаалы татаалдашып жатканын белгилеп, буга эл аралык терроризм, экстремизм, уюшкан кылмыштуулук, киберчабуулдар жана маалыматтык согуш сыяктуу факторлор кошулуп жатканын айтты. Ал Афганстан менен кызматташууну күчөтүү зарылдыгын да белгиледи.