www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Ысык-Көл облусунда баңгизаттарды өндүрүп, Бишкек жана Чүй облусуна таратып жүргөн делген жарандын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Маалыматка ылайык, 13-апрелде жүргүзүлгөн “контролдук сатып алуу” атайын операциясынын жүрүшүндө Каракол шаарынан 2004-жылы туулган Н.Р.С. аттуу жаран кармалган.

Шектүүнүн жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү маалында сарайынан “марихуана” жана “гашиш” баңгизаттары, ошондой эле аларды даярдоого арналган атайын идиштер табылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости