www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Джо Байден - эгер Кытай Тайванга кол сала турган болсо, Вашингтон бул арал мамлекетти колдоого алаарын билдирди. Бул тууралуу "Америка үнү" кабарлайт. CNN телеканалы коомчулук менен уюштурган Балтимордогу кечеде Байденге - Тайвань Кытайдын кол салуусуна кабылса, коргоо болобу деген суроо берилген. "Ооба, АКШнын муну жасоого милдеттенмеси бар", - деп жооп берген Байден.
Соңку апталарда Бээжин ондогон аскер учактарын Тайвандын абадан коргонуу боюнча таанытым зонасына жөнөтүүдө. Кытай лидери Си Цзиньпин Кытай менен Тайвандын "кайра биригүүсүн" акыры боло турган окуя деп атады.
Байден Кытай менен кансыз согуш жарыялоого ниети жок экенин белгилейт. Ошол эле маалда кырдаалдын кокустан курчуп кетиши аны тынчсыздандырып жатканын айтат.
Булак: NazarNews.kg