www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден Брюсселге НАТОнун саммиттине келди

АКШнын президенти Джо Байден Түндүк атлантикалык альянс Кошмо Штаттарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн абдан маанилүү экенин билдирди. Ал жамааттык коргонуу боюнча келишимдин 5-беренесин сактоону шериктештердин ыйык милдети деп атады.

Брюсселге 14-июнь күнү кечинде НАТОнун саммиттине келген Джо Байден “Кошмо штаттары - Европа тарабында” деп жарыялады.

Байден Европа сапарынын негизги максаты Дональд Трамптын бийлигинин учурунда Түндүк атлантикалык альянстагы өнөктөштөр менен үзүлүп калган мамилени калыбына келтирүү экени белгиленген.

Брюсселде Байден Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүсү мерчемделген. НАТО боюнча союздаш болгон Вашингтон менен Анкаранын мамилеси соңку жылдары өзгөчө чыңалууда болуп келгени белгилүү.

НАТОнун саммиттинин күн тартибинде Ооганстандан АКШ аскерлеринин чыгышы, Орусия жана Кытай менен мамиле, мүчө-мамлекеттердин коргонууга бөлгөн чыгымдары сыяктуу маселелер талкууланат.

Түндүк атлантикалык союздун лидерлери 2018-жылдан бери чогула элек болчу. Ага 2020-жылы башталган коронавирус падемиясынын жайылышы да таасир эткен.

Жо Байден Брюсселден 16-июнда Женевага барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости