www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден 15-июнда Европа кеңешинин президенти Чарльз Мишел жана Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен менен жолугуп, бир катар талылуу маселелерди талкуулайт.

Анда климаттын өзгөрүшү, соода алака, Кытай менен Орусиянын агрессивдүү позициясына каршы күрөшүү өңдүү темалар көтөрүлөт.

АКШ менен Европанын жетекчилери бир катар соода талаштарын, анын ичинде Airbus жана Boeing компанияларынын айланасындагы 17 жылдан берки маселени жөнгө салууга аракет жасай турганы белгиленди.

Дипломатия тармагындагы булактардын маалыматына ылайык, бул тууралуу макулдашуу кийинки айда болору күтүлүп жатат.

Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен маалымат жыйында АКШ менен Евробиримдик авиацияны каржылоо боюнча талаш чечилет деген ишенимде экенин айтты.

"Мен бүгүн америкалык достор менен сүйлөшүүлөрдө Airbus-Boeing маселеси боюнча макулдашууга жетише аларыбызга абдан ишенем".

2018-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп Европага учак өндүрүшү үчүн болот менен калай сатууда 25 жана 10% экспорттук төлөм киргизген.

Брюссель буга жооп катары АКШнын бир топ товарларына пошлина киргизген.

Бул жолку жолугушууда чектөөлөрдү алып салып, талаштарды жөнгө салуу мөөнөтү аныктала турганы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости