www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Джо Байден «омикрон» штаммынын жайылышы шартында коронавирустан максималдуу коргоо үчүн эмдөөлөрдү жана ревакцинацияларды жүргүзүүгө чакырды.
«Жаңы штаммга же башка штаммдарга каршы эң жакшы коргонуу - бул толугу менен эмдөө жана кайра эмдлүү», - деди Байден.
Ал америкалыктарды «кайрадан эмдөө жана балдарды мүмкүн болушунча эртерээк эмдөөгө» үндөдү.
Анын айтымында, АКШ бийлиги вакциналар омикрон штаммына каршы эффективдүү эмес дегенге азырынча ишене элек, бирок андай болсо, алар мүмкүн болушунча тез арада жаңыларын иштеп чыгып, ишке киргизишет.
«Док Фауки учурдагы вакциналар штаммдан кандайдыр бир коргоону камсыз кылат жана ревакцинация бул коргоону күчөтөт деп эсептейт», - деди АКШнын президенти жугуштуу оорулар боюнча башкы адис Энтони Фаукиге шилтеме жасап.
Булак: NazarNews.kg