www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Джо Байден АКШ Бээжиндеги Олимпиадага делегация жибереби деген суроого жооп бергени журналисттерди таң калтырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. «Мен делегациямын жана мен бул маселени чечтим», - деди Байден.
Америкалык лидер АКШ Кытайга делегация жибереби деген суроого ушинтип жооп бергени белгиленген. Кабарчылардын белгилешинче, Байден эмнени айткысы келгени белгисиз жана ал суроону түшүнгөн-түшүнбөгөнү да белгисиз. Бул маселе боюнча АКШ президентинен башка комментарийлер болгон жок.
Washington Post гезити шейшембиде АКШ администрациясы жакында Олимпиадага дипломатиялык бойкот жарыялоого ниеттенип жатканын жазды.
Басылманын булактарынын айтымында, Байдендин өзү да, Америка өкмөтүнүн бир дагы мүчөсү Олимпиадага расмий түрдө катышпайт.
Чечим, булактардын айтымында, Бээжиндин адам укуктарынын бузулушуна жооп берүү максатын көздөйт.
Бул чечим АКШнын спортчуларынын Олимпиадага катышуусуна таасирин тийгизбей турганы айтылган. Аазырынча Ак үй билдирүү боюнча комментарий берген жок.
Белгилей кетсек, Бээжиндеги Кышкы Олимп оюндары 2022-жылдын 4-20-февралында өтөт.
Булак: NazarNews.kg