www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия тарап АКШ президенти Джо Байден 16-июнда Женевада президент Владимир Путин менен жолугушууда камактагы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын маселесин көтөрүшү мүмкүн экенин күтүп жатканы белгилүү болду.

Бул тууралуу Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков шейшембиде журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бул багытта америкалык тараптан абдан көп сигналдар түшкөн.

Ошол эле кезде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Байден менен жолугушууда Навальный маселеси талкууланбай турганын белгилеп, "абакта отургандыктан, ал адам тууралуу сүйлөшүү болбойт" деп айткан.

Эки тарап тең Орусия менен АКШнын түрмөлөрүндө отурган камактагылардын тагдыры тууралуу сөз болушу мүмкүн экенин жокко чыгарышпайт.

Байден буга чейин Путин менен жолугушууда АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн бирдиктүү турумун көрсөтө турганын билдирген.

АКШ менен Орусиянын президенттери 16-июнда Женевада жолугат.

Кездешүү америкалык-орусиялык мамиле чыңалып турган учурда өткөнү жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости