www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден Путинге берген «убадасын» аткарды

АКШнын президенти Джо Байден орус кесиптешине дүйнө жүзү боюнча хакерлерди кармоо боюнча убадасын аткарганын билдирди. «Мен президент Путин менен июнь айында жолукканымда, Америка Кошмо Штаттары киберкылмышкерлерди жоопко тартуу үчүн чара көрөөрүн ачык айттым. Биз муну бүгүн жасадык», - деп билдирди Ак үйдүн башчысы.

Документ - орус жараны Евгений Полянский менен украиналык Ярослав Васинскийге кибер алдамчылык боюнча айып тагылганы белгилүү болгондон кийин жарыяланды. «Биз федералдык өкмөттүн бардык күчүн зыяндуу кибер ишмердүүлүккө жана кылмышкерлерге бөгөт коюу, биздин өлкөдө коргонууну бекемдөө, кун төлөм үчүн виртуалдык валютаны кыянаттык менен пайдалануу менен күрөшүү жана опузалап алуу экосистемасынын бузулушуна каршы күрөшүү үчүн эл аралык кызматташтыкты колдонуудабыз», - деди Байден.

Америка лидери бул багытта дагы жасала турган көп нерсе бар экенин да кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости