www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Жо Байден ооруканада анестезияда болуп турганга чейин ыйгарым укуктарын вице-президент Камале Харриске убактылуу тапшыра турат. Бул тууралуу Ак үйдү маалымат катчысы Жен Псаки кабарлаганын РИА Новости жазды.

"Вице-президентке кызматын убактылуу тапшыра туруу Байден бийликке келгенден бери алгачкы ирет катталып жатат. Ошондой эле АКШда аз болсо да алгачкы ирет аял киши мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын колуна алууда", — деп жазылат кабарда.

Маалымат катчы Байден Уолтер Риддин медициналык борборуна кароодон өткөнү барганын айтып, ал жактан ага пландык колоноскопия жасала турганын белгилеген. 
"2002-жылы жана 2007-жылы Жорж Буш да ушундай кылган. АКШнын конституциясына ылайык, Байден ыйгарым укугун кыска убакытка вице-президентке бере турат. Анткени өзү наркоздо болот", — деп жазылат Псакинин билдирмесинде.

Ал жуманын экинчи жарымында администрация президенттин ден соолугу тууралуу маалымат бериле турганын айтып, Байден дарыланып жатканда Харрис Ак үйдүн батыш тарабындагы өз иш бөлмөсүнөн анын кызматын аткарып турарын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости