www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден жана АКШ ток. Бирок башкаларды ачкачылыкта кармап туруу үчүн жан алакетке түшүп жатышат. 43 мамлекетте 45 млн адам ачарчылыктын чегинде жашаса, анын 24 млну Ооганстанга туш келет экен. Ооганстан көп жылдардан бери согуштун ордосу болуп келатат. Полковник Мустафа Фуаздын изилдөөсүндө ошол кездеги тийиштүү басылмалардын аталыштары келтирилген: “1939-жылдын октябрынан тарта 1941-жылдын мартына чейин идеологиялык мүнөздөгү айрым милдеттерди чыгыш багытындагы гезиттердин редакциялары чеччү. Индиялык редакция “Эркин Индия”, англис тилиндегиси – “Жоокер туусу”, ооганчасы – “Ооганстан” аталып, алар аскердик-саясий изилдөө иштерин жүргүзчү, гезит номурларын, үгүт-насаат, ошондой эле маалымат-кабарларды чыгарышчу. (…) Ар кыл мазмундагы макалаларда дүйнөлүк масштабда коммунизм идеясы баары бир салтанат курары даңкталчу, этнодиний ажырымдар аз-аздан жок болору ырасталчу, социализмдин капитализмден артыкчылыгы белгиленчү “.

Редакция кызматкерлери плакаттарды даярдашчу, анда түштүк өлкөлөрүнүн кедей-кембагалдары Кызыл аскерлерди кубануу менен тосуп алуулары тартылган болчу.

1940-жылы 29-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Молотов чыгып сүйлөп батыштагыларга сес көрсөткөн: “…Жакынкы Чыгышта генерал Вейгандын жетекчилиги алдында англис-француз ... армиясын түзүү боюнча шектүү бир иштер жүрүп жатат. Бул аскерлерди Советтер Союзуна каршы максатта пайдаланбашы үчүн биз сак турушубуз керек, аларга мүмкүнчүлүк бербешибиз керек. Баскынчылардын андай аракети жасалып калса биз тараптан андайга тийиштүү жооп болот, от менен ойноонун коркунучун СССРге каршы турган өлкөлөр, алардын агрессивдүү саясатына аралашып калган биздин коңшулар билиши керек…”.

 

Виталий Примаков – Ооганстанга 1929-жылы кирген "чектелүү контингентти" ийгиликтүү жетектеп, кийин кызмат жагынан жогорулап, бирок 1937-жылы атылып кетсе, Иван Петров (сүрөттөгү) Мазари-Шариф шаарын камалоодо атчандар дивизиясын башкарган. Кийин ал "Багратион" аскердик операциясын иштеп чыккан. Анын кол алдындагы аскерлер Прага менен Берлинди камалоого катышкан, 1945-жылдын 29-майында ал Советтер Союзунун баатыры наамын алган.

Жумушчу-дыйкан Кызыл армиянын үгүт башкармалыгынын жетекчиси Александр Запорожецтин буйругу менен чыгыш таануучулар Иосиф Брагинский, Иосиф Байков Ортоңку Чыгыш жана Индиядагы абал боюнча Жумушчу-дыйкан кызыл аскерлердин башкы саясий үгүт башкармалыгынын жетекчилер курамы алдында, штабдарда, ошондой эле аскерлерге ай сайын баяндама менен чыгып турушкан.

Репко белгилегендей: "СССР чек арасына жакын жайгашкан мамлекеттерде жашаган калк арасында иштөө үчүн Москвада алардын географиялык абалы, жол катнаштар тармагы, калктуу конуштарын изилдөө иштери жүргүзүлгөн. 1941-жылдын 13-февралына карата Кызыл армиянын башкы саясий башкармалыгынын 7-бөлүмү тарабынан 59 географиялык карта даярдалган, анын 3 – Германияныкы, 2 – Польшаныкы, ошол эле кезде Ирандын картасы - 9, Ооганстандыкы – 12, Индияныкы – 13 болгон”.

7-бөлүмдүн милдети душманга каршы үгүг иштерин жүргүзүү болчу, советтик үгүт-насаат иштерин иликтеген Владимир Невежиндин ырасташынча, 1941-жылдын башында “СССРдин ыктымал душмандары эсептелген өлкөлөрдүн социалдык-саясий абалын иликтеген бөлүм офицерлеринин 80% ашууну Түштүк жана Ыраакы Чыгыш уруш аракеттери жүрчү жерлерде болчу”.

Иш аны менен эле чектелген эмес, Орусия Федерациясынын Коргоо министрлигинин “Тарыхый-аскердик журнал” (1992, № 11) басылмасы маалымдагандай, 1941-жылдын кышы аяктап аткан чакта 7-бөлүмдүн башкы инструктору Иосиф Байков Ташкенттеги Орто Азия аскер округунун “оперативдүү аскердик оюнуна” катышуу үчүн барган.

Ал “Аскерлердин чабуулга кирүүсү” деп аталып, анда “Ооганстан менен Иранга аскерлерди киргизүүнүн маселелерин ишке ашыруунун көнүгүүлөрү өткөн. Оюн шарты боюнча 1941-жылдын 21-февралында жогортон түшкөн буйрукка ылайык аскерлер “Ооганстан менен Ирандын чек арасынан өтүп, Иран, Ооганстан, Индиянын карапайым калкына жардам көрсөтүп, аларды англиялык империалисттер менен ооган, иран аскерлеринин эзүүсүнөн куткарышы” каралган.

Чет тилдерде чыкчу гезиттердин редакция кызматкерлери гезиттердин макетин, бир нече плакаттарды даярдашкан. Анда түштүк өлкөлөрдүн кедей-кембагалдары жумушчу-дыйкан кызыл аскерлерин кубанычтуу тосуп алып жатышканы тартылган.

Карапайым калк менен кызыл аскерлердин кездешүүсү жакынкы аралыкта болушу керек эле. Аны Фуаздын эмгеги да кыйыр белгилеп турат: "Аскердик тематикадагы плакаттардын алгачкы үлгүлөрү басылып чыгып, чек арага жакын жерлерге таратыла баштаган, тышкы үгүт каналдары аркылуу Улуу Атамекендик уруш башталганга чейин эле Иран менен Ооганстанга жеткириле баштаган”.

Жөн жерден эле Ооганстан менен британиялык Индияда жакын арада совет аскерлери бул жерлерге басып кирет деген миш-миштер тарай баштаган. Бирок анын ишке ашуусуна батыштагы согушта түзүлгөн оор кырдаал тоскоол болгон: Экинчи дүйнөлүк согуштун биринчи этабын эскерип отуруп Молотов Феликс Чуевге Сталин 1940-жылы өзүнүн стратегиялык контрагентин стратегиялык туңгуюкка капталтып салганын билдирген: “…Гитлердин ал кезде Англия менен согушун аягына чыкпай бизге кол салыштан башка айласы калбай калган”.

Германиянын СССРге капыс кол салышы советтердин Ирандын түндүгүн басып алышына тоскоол боло алган жок, батыштагы согуш өртү индиялык туугандарды “боштондукка чыгарууну” кийинкиге калтырган.

Чуев Молотовдун айткандарына таянып, 1945-жылдан кийинки пландар тууралуу минтип жазган: “Сталин империализмди жок кылып, коммунизмди жакындатуунун аракетин көргөн дейт Молотов. Бизге тынчтык керек эле, бирок америкалык план боюнча биздин эки жүз шаарларыбыз бир убактагы атом бомбалоосуна туш келмек. Сталин минтип Биринчи дүйнөлүк согуш бир өлкөнү капиталисттик кулчулуктан куткарган. Экинчи дүйнөлүк согуш социалисттик системаны түздү, үчүнчү дүйнөлүк согуш болсо империализмди толук жок кылат деп ойлонгон”.

 

Александр Черепанов Примаковду Ташкенге алып кетишкенден кийин 1929-жылы 18-майда Ооганстандагы советтик отрядды башкарган, ал өзү чыныгы интернационалист жоокер болчу. Чыгыш кытай темир жолу үчүн болгон уруштарга катышкан, Кытайдагы башкы советтик кеңешчи болгон, советтик-германиялык согушта аскердик операцияларды түзгөн, кийин Грекияга кол салып кирген социалисттик Болгариянын аскерин уюштурган.

Баягы эле Ооганстан большевиктердин Индияга басып киришине жол ачып бериши керек болчу. 1951-жылдын 9-февралында Сталин оозун карап отурган европалык сателиттерине Ла-Маншка чейин кирип барууга дяр экенин жарыя айткандан бир айдан соң Индия компартиясынын Борбордук комитетинин өкүлдөрүнө акыл үйрөтүп, кантип дүйнөлүк революциянын өртүн алоолонто жагуунун жол-жобосун минтип ырастаган:

"Партизандык уруш керекпи? Албетте, керек. Эркиндикке жетишкен жерлер, элдик-боштондук армиясы силерде болобу? Эгер индиялык жолдоштор темир жолчулардын иш таштоосун уюштура алса, өлкөнүн жашоосу токтоп, өкмөт айласыз отуруп калмак. Боштондук алган жерлер да, аны алып келчү армияны түзүү мүмкүнчүлүгү да силерде болот. Жеңишке жетиш үчүн мунун баары аздык кылат. Партизандык уруштарды жумушчулардын революциялык каршы чыгууларына кошуп ийүү керек …. Эгер индиялык жолдоштор олуттуу, жалпы темир жолчулардын иш таштоосун уюштура алса, бул өлкө менен өкмөттү айласыз отургузуп коймок. (…) Силерде жумушчулар арасында куралдуу отряддар болушу керек, жумушчулардын, темир жолчулардын иш таштоосун уюшуруу зарыл, жумушчулардын арасында отряддарыңар болушу керек. Мына ушул эки агым биригип, кошулуп кетсе – жеңиш колдо деп койсоңор болот".

Ошол аңгемелешүүсүндө индиялык досторго Индиянын бир штатынан баштап канабайрам салууну сунуш кылган. Бирин бүтүп экинчисине көчүп: "Телинганада болуп аткандарды, албетте, колдоо керек. Бул жарандык уруштун алгачкысы, башталышы”. Ички будуң-чаңсыз калк саны боюнча дүйнөдөгү экинчи лөк өлкөнү козгош оңой-олтоң иш эмес. 1951-жылдын 8-августунда кабыл алынган АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин № 114/11 токтомунда мына ушул маселе көтөрүлгөн:

“Советтик куралдуу күчтөр, анын сателиттеринин куралдуу күчтөрү континенталдык Европаны, Жакынкы жана Ортоңку Чыгышты (Индия менен Пакистанды кошпогондо) кыска убакыттын ичинде капыс басып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ”. Каршылык көрсөтүп чыккан индиялык пролетариат менен дыйкандарга жардам көрсөтүү үчүн советтик армия Гиндукуштун асман мелжиген ашууларын ашып өтө алабы? Качан ошентет?

Феликс Чуев югославиялык коммунист Перо Попиводанын советтик жолбашчы партиянын XIX съезди маалында сыртка чыгып калышканда ага айткан сөзүн жазып алган: “Силердин колдо бир да өлкө жок… Бир жыл чыдай тургула!". Өлүм басып алуу планын токтотту. Сталиндин мураскорлору стратегияны өзгөртүштү, АКШ менен өнөктөштөрүнө тикелей кол салбай, “үчүнчү дүйнөнүн” өлөсөлүү мамлекеттерин каратып алып, өнүккөн өлкөлөрдү алардын курчоосунда калтырып, соңунда багынтып алууну көздөшкөн. Мына ушул максат-мүдөөнүн артында Ооганстанды басып кирүү амалы турган, өлкө канга чакалып, майдан талаасына айланды, жыйынтыгы талибдерди алып чыкты. Талибдер кудум большевиктердей жанында демократиялык өлкөлөр болушун каалашпайт, алардын жашоо-турмушу, коомдук түзүлүшү акыры жүрүп кандуу режимди жок кыларын билишет, ошон үчүн жаамы дүйнөгө сес көрсөтүп – дүйнөлүк Халифат коркунучун айтып, колунан куралын түшүрбөй отурат.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости