www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байкуш болуп төрөлүп, байкуш болуп өтөмбү?

Балалык чагым ый, арман жана көз жаш менен өттү. Ага-ини, карындаштарын кой, өз энесинин мээримине чөмүлө албаган атама бир туруп боорум ооруса, бир туруп жек көрүп кетем… Апам жети жашымда узак оорудан улам көз жумуп кетти. Кийин эс тарткандан кийин кайненеси (чоң апам) апама көрбөгөн кордукту көп көрсөткөнүн уктум.

Ооба, чоң энем өтө начар адам эле. Өз канынан чыккан баласын (атамды) жек көрүп, кагып-силкип, кемсинтип жүрүп өттү. Атамдын анчалык ат көтөрө алгыс кандай айыбы бар экенин билбей жүрдүм.

Ой өкчөсөм, атам эч бир жанга катуу айтпаган, үнүн бийик чыгарбаган өтө момун адам экен. Анан эмне үчүн баары жек көрүшөт?

Апам каза болгондон кийин атама аял алып беришти. Жүзү ак жуумал, арык чырай, сулуу жаңы апам дароо жакты. Азыр да өз апамдай көрүп, жандай сүйөм.

Эх, башыбыздан эмне деген гана күндөр өткөн жок. Бир күнү нанга жетпесек, бир күнү чай, кантка жетпейбиз. Жашаганыбыз мүмкүн болбогон өтө эски үй.

Кийинчерээк бир туугандарга энчи бөлүндү. Атама аз гана мал тийди. Бирок аны бир туугандары өлдү-житти деп сатып түгөтүштү.

Бир нече ирет өз өмүрүмө кол салдым. Бирок баардык учурда эмнегедир аман калдым…

Чоң энем мени, ата-энемди каргап-шилеп урушуп, жең-этегин кагына жек көрүп жүрүп көз жумду. Кийин каза болгонунда барган да жокмун, бир да жолу куран окуган жокмун.

Мунун себебин кеч түшүндүм, көрсө ата-энем көп жылдар боюу балалуу боло албай жүрүшөт. Кийин инисинин баласын багып алат. Андан соң беш жылдан кийин кыздуу болушат. Андан кийин апам төрөбөйт. А мени Бишкектеги балдар үйүнөнбү же төрөтканаданбы, айтор, ошол жактан иниси алып барып берип, багып алышкан экен. Эмне үчүн ачык эле айтышпайт? Кийин ким бирөөдөн укканда мага кандай оор тийгенин, кандай ооруганымды түшүнөсүзбү?

Менин чыныгы ата-энем ким экендигине бир грамм да кызыкпайм. Аларды издөөгө же алыстан гана көз салып көрүп коюууга да ниетим жок.

Айта берсем, толтура. Кыскасы, жашагым келбей калды…

Учурда ата-энем колумда. Атам майып. Элге билинбегени менен көйгөйлөрүм көбөйүп, кыйналып жүрөм. Кээде бул өмүргө жаралганыма өкүнүп кетем. Байкуш болуп төрөлүп, байкуш болуп өтөмбү?

Булак: AibekNur.kg

Последние новости