www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кеңейтилген курамда жыл жыйынтыгын чыгарган коллегия өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Коллегияны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев ачып, 2020-жыл ичинде жасалган иш-аракеттер жана 2021-жылы жасала турган артыкчылыктуу багыттарга токтолду.

Кеңейтилген коллегияга КР президентинин аппаратынын, Жогорку Кеңешинин, өкмөттүн аппарынын өкүлдөрү, министрликтин борбордук аппараты, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр, мекеме жетекчилери, өлкө сыймыгы болгон маданият жана спорт тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү катышты.

Анда 2020-жылы дүйнө жүзүн каптаган короноварус инфекциясынын улам бир катар маданий иш-чаралар өтпөй калгандыгы айтылып, бирок ага карабастан, министрлик бир катар иш-чараларды онлайн форматта өткөрүп, маданий иш-чаралардын деңгээли жана сапаты түшпөгөнү айтылды.

Пандемия шартында маданий мекемелер карантинге жабылганы менен кесиптик искусствону өнүктүрүү, китепкана, музей, театр, тарыхый маданий мурастар жана эл аралык байланыштар тармагынын иштери онлайн жана аралыкта үзгүлтүксүз иш алып баргандыгы белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости