www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зеленский Кытайды Непал менен алмаштырып уят болду

Украинанын Президенти Владимир Зеленский Твиттерде кытайлыктарды Кытайдын Жаңы жылы менен куттуктады (2021-жылы майрам 21-февралга туш келген), ал постуна Непалдын борбору Катмандудагы Дурбар аянтынын сүрөтүн жайгаштырган. Катаны интернет колдонуучулары байкап калышты.

«Бардык украиндердин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Кытайдын лидери, урматтуу Си Цзиньпинди жана достук мамиледеги Кытай элин Жаз майрамы менен куттуктайм», - деп жазды мамлекет башчы Твиттерге.

Зеленский Украина менен Кытайдын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтык өнүгөт деген ишенимин билдирди. Социалдык тармактарда ката байкалган соң, басылма өчүрүлүп, андан кийин ошол эле куттуктоо тексти Зеленскийдин Твиттеринде пайда болду, бирок иллюстрациясыз.

Зеленский жана анын администрациясы мындай ыңгайсыз абалга биринчи жолу туш болуп жаткан жок. Ошентип, октябрь айында Украинанын Президентинин аппаратынын кызматкерлери Ригага жасаган иш сапары жөнүндө отчет жарыялап, анда Латвияны Литва менен чаташтырышкан. Ал эми июль айында Зеленскийдин басма сөз кызматы Оттаванын ордуна Торонтону Канаданын борбору деп атады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости