www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШда бир турист кар көчкүнү тартып жатып, анын алдында калды. Көчкү дагы бир нече адамды басып калган.
The Daily Mail булагы жазгандай, окуя Юта штатынын Уинта тоосунда болгон. Майлз Пенроуз туугандары, достору менен тоого чыккан. Каарда жүрүүчү унаа менен көңүл ачып жатып силкинүүнү байкашат. Адегенде жер титирөө деп ойлошкон, ал учурда бийиктен агып жөнөгөн кар көчкүнү көрүп калышкан.
Туристтердин бири смартфонун алып чыгып, окуяны видеого тарта баштайт. Көздү ачып жумганча кар көчкү алардын баарын басып калган. Кардын алдында калганына карабай телефондогу видео жаздыруу улана берген.
Пенроуздун айтымында, ал көчкүнүн үстүңкү катмарында калып, өз күчү менен чыккан. Ал эми видеого тартып жаткан адамды калың кар басып калган. Ага карабай колундагы смартфонун түшүргөн эмес. Дагы экөө көчкү жетпеген аралыкка качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Бактыга жараша, туристтерден эч ким катуу жабыркаган эмес.
Булак: NazarNews.kg