www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов январь айынын ортосунда Кыргызстанга Omicron штаммы келиши мүмкүндүгүн билдирди.

Ал кыргызстандыктарга кайрылып, өздөрүн жана жакындарын, өзгөчө улгайган жана өнөкөт оорулары бар жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

"Келе жаткан жылдын январь айынын орто ченинде өлкөгө "омикрон" штаммы кирип калышын күтүп жатабыз. COVID-19дун күчөшү мүмкүн. Буга байланыштуу вакцина алып калууга жетишүү керек", — деди Байсалов.

Ошону менен катар Байсалов өнөкөт оорусу барларга эмдөөдөн өтүүгө тыюу салынбай турганын, тескерисинче, бул топтогу адамдар биринчи кезекте препаратты сайдырышы керектигин эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости