www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден Ак үйдө кече уюштурганы үчүн сынга кабылды

Ак үй менен АКШнын президенти Жо Байденди республикачылар Израилдеги чыр-чатактын курчушу учурунда кече уюштурганы үчүн сынга алышты. Бул тууралуу Fox News билдирди.

Ак үйдөгү кече резиденциянын кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн уюштурулду. Кечеде барбекю жана жандуу концерт болду.

Миссури штатынын республикачыл сенатору Жош Хоули: "Хамас америкалыктарды барымтада кармап турганда, Джо Байден жандуу музыка коштогон пикникти жактырат",- деди.

Көптөгөн консерваторлор андан үлгү алып, X социалдык тармагында (мурдагы Twitter) АКШнын президенттик администрациясын сындашкан.

“АКШ президентинин приоритеттерине ачууланып, тынчсызданып жатабыз. Израиль кол салууга дуушар болуп жатканда, Ак үйдө барбекю? - деди Химена Баррето, республикачыл сенатор Рэнд Полдун тышкы иштер боюнча директору.

Экс-конгрессмен Скотт Тейлор тышкы жагдайлардан улам Ак үйдөгү барбекю токтотулушу керектигин белгиледи.

7-октябрда эртең менен Израил армиясы Газа тилкесиндеги палестиналык радикалдар Израилди ракета менен аткылаганын кабарлады. Ракеталык чабуулдарга жооп катары Израилдин Коргоо күчтөрү Газада аскердик операция баштаганын жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости