www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден The New York Times гезитине жазган макаласында Кошмо Штаттары Орусия менен согушту каалабай турганын билдирди. Анын айтымында, НАТО күчтөрүнө чабуул жасалбаса, Вашингтон Украинадагы жаңжалга түз кийлигишпейт.

«Биз НАТО менен Орусиянын ортосундагы согушту издеп жаткан жокпуз. Америка Кошмо Штаттарына же анын союздаштарына чабуул жасалбаса, биз Украинага согушуу үчүн америкалык аскерлерди жөнөтүү менен да, Орусиянын аскер күчтөрүнө кол салуу менен да бул жаңжалга түздөн-түз катышпайбыз», - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бугша чейин АКШнын президенти Джо Байден Орусия менен «жер же өзөктүк» согуш эң акыркы каалаган нерсеси экенин айткан.

«Менин эң акыркы каалоом - Орусия менен кургактык же өзөктүк согушка катышуу», - деген Америка лидери журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости