www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Джо Байден бир жыныстуу нике тууралуу мыйзам долбооруна кол коюуну убада кылды, ал ЛГБТ жаштарынын келечек муундарына канааттануу жана бактылуу жашоого болгон укуктарын түшүнүү менен чоңоюуга мүмкүндүк берет.

"Никени урматтоо боюнча мыйзам долбоорун эки партиядан турган Сенаттын колдоосу менен Америка Кошмо Штаттары фундаменталдуу чындыкты тастыктады: сүйүү бул сүйүү жана америкалыктар сүйгөн адамына турмушка чыгууга укуктуу болушу керек", - деди Байден.

Ал белгилегендей, миллиондогон америкалык жарандар жана алардын балдары үчүн бул мыйзам бир жыныстуу жана улуттар аралык никелердин укуктарын жана коргоолорун сактайт. Саясатчы мыйзамды кабыл алуу процессин жетектеген сенаторлорго ыраазычылык билдирип, аны эки тарап тең колдогондугун баса белгиледи.

Эске салсак, буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусияда ЛГБТ пропагандасына тыюу салган мыйзамды жокко чыгарууну талап кылган. Ал россиялык мыйзамчыларга кайрылып, долбоорду кайра чакыртып алуу өтүнүчү менен кайрылды, анткени анын кабыл алынышы сөз эркиндигине жана Орусиядагы ЛГБТ адамдардын укуктарына дагы бир сокку болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости