www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Джо Байден Украинанын айланасындагы кырдаал чындыгында Орусия менен НАТО ортосундагы прокси-конфликтке айланганына макул болгон жок. Бул тууралуу Лента.ру жазат.
Москва менен Түндүк Атлантикалык альянстын ортосунда кыйыр согуш жүрүп жатат деген сөздөргө макулсузбу деген суроого мамлекет башчы: «Бул чындыкка дал келбейт», - деп жооп берди.
Ошол эле учурда бул маселенин алкагында Байден - орус тараптын кандай болбосун аракеттерине Вашингтондаяр экенине ишендирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Пентагондун башчысы Ллойд Остин АКШ Орусиянын аскерий потенциалын азайтууга жана чабуул коюу потенциалын кыскартууга умтулаарын билдирген. Анын пикиринде, Украинада согуш башталгандан бери Орусиянын согуштук аракеттери «баштапкыга караганда алсыраган».
Булак: NazarNews.kg