www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден 9-августта Финляндия менен Швециянын НАТОго киришине макулдук берген, ратификацияланган документтерге кол койду. Ал өз сөзүндө бул эки түндүкевропалык мамлекет “күчтүү, ишенимдүү жана эн жөндөмдүү жаңы өнөктөш” боло аларын билдирди. Ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путинди “Европадагы тынчтыкты жана коопсуздукту бузду”,-деп айыптады.

АКШнын сенаты 4-августта Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүүсү жөнүндө келишимди ратификациялаган.

Эки жаңы мүчөнү НАТОго кабыл алуу боюнча макулдашууларды уюмга мүчө 30 мамлекеттин баары жактырышы керек. Тиешелүү чечимди ушул кезге чейин 23 өлкө кабыл алды.

Эксперттер үчүн бул маселеде Швеция менен Финляндияны Анкара террорчу деп эсептеген күрддөргө башпаанек берет деп айыптаган Түркиянын позициясы гана так эмес болуп турат.

Швеция, Финляндия жана Түркия бул жаатта макулдашууга жетишкен, бирок түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган НАТОго талапкерлерди ал макулдашууну толук аткарбай жатат деп айыптаган.

Эки жаңы мүчөнү кабыл алуу НАТОнун 70 жылдык тарыхындагы эң ыкчам процесс болуп калчудай.

Орусия Украинага кол салгандан кийин эки өлкө тең салттуу нейтралитет макамынан баш тартып, НАТОго кирүүнү чечкен.

НАТО (Түндүк атлантикалык аскердик уюм) 1949-жылы АКШны жана Европаны СССРдин таасиринен коргоо үчүн түзүлгөн. Ага алгач 12 мамлекет кирген. Учурда АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30 мамлекет мүчөлүк кылат. Түркия уюмга 1952-жылы кошулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости