www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байдендин администрациясы ХАМАСтын Израилге кол салуусунан бир нече жума мурун Иранга алты миллиард доллар которгон. Бул тууралуу Law Officer порталы жазып чыкты.

"Бир нече жума мурун Байдендин администрациясы Иранга алты миллиард доллар которгон", - деп билдирди портал сенатор Марша Блэкберн.

Ал АКШ “Жакынкы Чыгыштагы эң күчтүү өнөктөш” болгон Израилди колдоону улантууга тийиш экенин баса белгиледи.

Өкүлдөр палатасынын айрым мүчөлөрү буга чейин Байденди бул чечими үчүн сынга алышкан. Бирок АКШнын Каржы министринин орун басары Брайан Нельсон бул каражат азырынча жумшала электигин, алар гуманитардык максатта гана сакталып турганын айткан.

Буга чейин Байден Израилде куралдуу кагылышуу күчөгөн маалда Ак үйдө кызматкерлерине кече  уюштурганы белгилүү болгон.

Эске салсак, 7-октябрда эртең менен Израилге Газа тилкесин башкарган исламчыл ХАМАС кыймылы массалык ракеталык сокку урган. Буга жооп кылып, Иерусалим антитеррордук "Железные мечи" операциясын баштаган. Анын биринчи фазасы 8-октябрга караган түнү аяктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости