www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Джо Байден "Ислам мамлекети" террордук тобунун лидери Ибрагим аль-Хашими аль-Кураши Сириядагы атайын операциянын жүрүшүндө жок кылынганын билдирди.
President Biden, Vice President Harris and members of the President’s national security team observe the counterterrorism operation responsible for removing from the battlefield Abu Ibrahim al-Hashimi al-Qurayshi — the leader of ISIS. pic.twitter.com/uhK75WeUme
— The White House (@WhiteHouse) February 3, 2022
Байден кечээ, 3-февралда жасаган билдирүүсүндө, операция Сириянын түндүк-батышында жүргүзүлгөнүн жана ага катышкан америкалык аскерлер ийгиликтүү кайтканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, буга чейин Пентагон рейд жүргүзүлгөнүн кабарлаган. Associated press маалымат агенттиги окуянын күбөлөрүнө таянып, эки саатка созулган операция маалында 13 киши, анын ичинде алты бала, төрт аял каза болгонун жазды.
"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу Сириядагы жарандык согуштан жана Ирактагы туруксуз кырдаалдан улам баш көтөргөн. 2013-2014-жылдардан бери Ирак менен Сириянын бир катар аймактарын басып алып отуруп, "халифат" түзгөнүн жарыялаган. Бул топ үрөй учурган ырайымсыз кылмыштарга барып, миңдеген адамдардын өлүмүнө түздөн-түз себепкер болгон. Экстремисттик топко дүйнөнүн булуң-бурчунан, анын ичинде Кыргызстандан да барган жоон топ адам кошулуп кеткен.
Кийинчерээк "Ислам мамлекети" тобунун негизги позициялары талкаланып, согушкерлер Ирактан жана Сириянын көп аймактарынан сүрүп чыгарылган. Бул радикал топтун бутактары Жакынкы Чыгышта жана Ооганстанда дагы деле активдүү экени кабарланып келет.
Булак: NazarNews.kg